Бишкектеги жаңы конуштардын биринде топ ойногон бала.

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде топ ойногон бала.

 Айыл жеринде волейболду көп ойношот. Бир күнү 10-класстын балдары Дыйканбай агай бизди волейбол боюнча машыктырат экен деп кеп кылып калышты. Айыл эли сыйлаган, кезинде күчтүү волейболчу болгон, биздин эже-агаларыбыз “Ал агайдын сабагына кийинбей барсаң, залдан кууп чыкчу”,- деп эскеришкен узун бойлуу чебер мугалим мектепке келди.

Ден соолугуна байланыштуу бир топ жыл мектепте иштебей калган эле. Эч кандай ишке кирбей эле, жөн гана балдарды бекер машыктыруу үчүн келиптир.

Биз анда 9-класста окучубуз. Демейде турникке асынганы гана чогула калсак, бу жолу мектептин спорт аянчасына толуп калдык. Узуну да, кыскасы да, арыгы да, толугу да, мектепти бүтүп кеткени да, иши кылып кызыккандын баары топтолдук. Ошентип машыгуубуз башталды. Мектептин аянтын айланып чуркамай, бала болуп башыбызга чач чыккандан бери жасап көрбөгөн, жан териңди чыгарган көнүгүүлөр, командаларга бөлүнүп алып жарышмай, анан эң аягында 15 минуталык лекция. Сабактан кийин төрт көчөдөгү таштарга соксоюп отуруп алып, чоңоюп калгансып өткөн-кеткенди кеп кылган балдардын эми бош убактысы болбой калды.

Кечиккендер, себепсиз калтыргандарды агай айдап жиберчү. Баягы маанисиз куудулданып, кылжың-мылжың сүйлөгөн адатыбыз да жоголо баштаган. Бир күнү машыгуу башталарда каз-катар тизилип турсак агай:

– Баарыңар отургула да оң бутуңарды чечкиле,- деп буйрук берди. Элейип эле калдык.

– Кана, эмне карап турасыңар, оң жак бут кийимиңерди байпагыңар менен кошо чечкиле.

Башынан баштап текшерип келатат. Ар бирибиздин бутубузду карап чыгып:

– Эй жубарымбектер, кыздарга барарда себингениңер кымбат атыр да, бутуңардын акыбалы бул. Дененин ичи таза болушу үчүн биринчи сырты таза болушу керек. Ичи-сырты таза дененин акылы да таза болот. Анан бир иш жасагың келет. Бир нерсе жараткың келет. Экинчи көрбөйүн бул акыбалды, – деди да, чуркоого команда берди.

Чынында эртели-кеч мал карап, көңдүн үстүндө топ ойноп, же улактан келип кыйратып койгонсуп тамакты шаша жеп, башты шампундап жууп, көчөгө тентип кетип жүрүп, биз, өтмө курактагы балдар бутубузга көңүл бурбаган экенбиз.

Тим эле серпилип, кийимдерди өзүбүз иреттеп, кечинде бутту, тишти жууп жатып, апаларыбызды таң калтыра баштадык. Баягы биз кичине кезде эже-агаларыбыз аңыз кылып айткан, тартипти темирдей катуу кармаган агай чын эле ушул экенине ынандык.

“Баш жакшы иштеш үчүн буту-колуңар жакшы кыймылдашы керек. Дене кыймылыңар жакшы болсо, ой жүгүртүүңөр өсөт, окууну жакшы окуйсуңар” деп көп айтчу.

Эмне тамак жеш керектигин, канча убакытка кантип эс алыш керектигин, денеге канча жүктөм (нагрузка) берүү ылайык, кандай кездемеден тигилген кийим денеге зыянсыз, сууну кайсыл убактарда ичүүгө боло тургандыгын зерикпей түшүндүрөр эле. Ал тургай баскан-турганыбызга чейин көңүл бурчу. Кимибиздин үйүбүздө эмне иш бар, жашообуз кандай экенин, эмне жеп, эмне ичерибизди астыртан сезип, ошого жараша мамиле кылып, ошого жараша тапшырма берер эле. Окууга көп келбеген, тартип бузган балдарды урушуп, болбосо (мектепте иштебесе да) машыгуудан чыгарып салчу. 2005-жылы Б.Исаев мектебинин окуучулары райондо волейбол боюнча биринчиликти жеңип алдык. Агай тарбиялаган айрым балдар университеттин командаларында ойноп, ийгилик жаратышты. Жашында мыкты спортчу болгон, окуу жайды бүткөндөн кийин, жогорку билим керек экенин сезип, атайын мугалимдикке окуган агайыбыз 2009-жылы оорудан улам көзү өтүп кетти. Дыйканбай Бекмаматовдун элесине арналган Кара-Кулжа району боюнча мелдеш өтүп турат.

Мен бул инсанды агайым болгону үчүн эле кеп кылып жатканым жок, улук окурман. Өзүм көргөнүм үчүн дене тарбия сабагы тууралуу ой-толгоомо мисал кылдым.

Бүгүн мектептерде дене тарбия мугалими жетишсиз. Жетиштүү эле, ар бир мектепте бар. Бирок чыныгы мугалимдер аз. Бул предметти көбү тоготпойт. Предмет катары деле санабайт. Кээ бир мугалимдер топту бир класс окуучуга ыргытат да, ойногула деп, өзү аянттын четинде тамеки чегип, же бирөө менен сүйлөшүп туруп алат. Бир мугалимдин “Ушул топту кудай ырас жараткан да, кыйналып сабак өтпөйсүң. Берип койсоң ойной берет”, – дегенин уккам.

Эмнегедир келбеттүү, шайдоот, дени сак кыз-жигиттерибиз азайып бараткандай. Окуучулардын билим сапатынын начарлашы да, чыгаан азаматтар анчейин чыкпай жатышы да дене тарбия сабагынын сапаттуу өтүлбөй жатканынан деп ойлой баштадым. Жаман иштерге аралашып кеткен балдар да дал ушул сабакты жакшы өтпөгөндүн кесепетинен көбөйүшү толук мүмкүн. Эрки жок, аракеч, турмушта өз ордун таба албагандар да ушунун айынан деп ойлойм.

Мырза деген кошунабыздын  кызы атасына: “Мен алтын медалга (ал убакта мектепти жалаң бешке бүтүргөндөр алтын медал алчу экен) дене тарбия сабагынан төрт алганым үчүн жетпей жатам, барып мугалимдер менен сүйлөшүңүзчү” – десе, атасы “Ээ кызым, сен дене тарбиядан төрт алсаң, алтын медалга татыксыз экенсиң. Биринчи ушул сабактан беш алыш керек болчу. Баргандан кийин кызың узундукка секирсин десе, сен секире албай турсаң, уят болбоймунбу”,- деген экен.

Дени таза, чапчаң адам жумушту көңүлдүү жасайт, сабакты жакшы окуйт. Дене тарбия мугалими жөн адам болууга тийиш эмес. Ал окуучунун жан-дүйнөсүн түшүнгөн психолог, дени-кардын, абалын көзөмөлдөй алчу медик, кандай тамактанып, кандай кийинип жашап жатканын талдай алчу социолог,  химик, биолог, дегеле бардык илимдерден кабардар болууга тийиш. Эң башкысы чебер педогог болушу  табигый талап. Ал үчүн мугалим окуу жайды сырттан эптеп чампалап окубай, изденип окуп бүтүрүшү керек. Тагыраагы, мамлекет жакшы кадрларды окутуп, даярдоосу зарыл.

Бизден олимпиаданын, дүйнөнүн чемпиондору чыкпайт деп наалыйбыз. Сабакта ныксырап отурган окуучуларыбыз, өз алдынча туура эмес машыгып ден соолугун бузган жигиттерибиз канча. Биздин азыркы окуучу балдардын баары жок эле дегенде, 2 миң метрге шайдоот жүгүрүп, турникке 15 жолу тартынып, 100 жолу отуруп-туруп, 50 жолу отжимание жасай алабы?  Айта албайбыз. Спорт менен атайын машыккандары эле болбосо, көпчүлүгү телефон оюну менен интернетти мыкты өздөштүргөн. Көпчүлүк окуучулар ширеден башка жебеген, жарым кесе тамакты түгөтө албаган илмийген эле балдар. Мектепте биринен бири өткөн жалоондой азаматтар жүрсө кантип чемпион чыкпасын. Дагы жакшы, кичинесинде кой-эчки кубалап, ары-бери чуркап чоңойгон, же шаарда өсүп жакшы машыктыруучунун колуна түшүп калгандар ийгилик жаратып келе жатышат.

Балдарыбыз келбетүү, кыздарыбыз сымбаттуу болсо кандай жакшы. Кандай сонун болмок биздин чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер жаш кезинде чемпион болгондор, жок эле дегенде футболду, баскетбол, волейбол, теннисти ж.б. жакшы ойногондор болсо.

Корея, Жапония, Кытай өңдүү өлкөлөрдү айтпай эле коелу. Бул өлкөлөрдө орто мектепти бүтүрөрдө спорттун бир нече түрү боюнча сөзсүз экзамен тапшырат экен. Кошуналар да балдар спорту боюнча алдыда баратат.

Айрым окурмандар “Башкасын оңдой албай жатсак, дене тарбия мугалимин айтат да” деши мүмкүн. Оңдоону эң биринчи башталгыч класстын мугалими ( ал да дене тарбия сабагын өтөт) менен дене тарбия мугалиминен башташ керек. Дененин чыңдыгы – акылдын тунуктугу, дененин тазалыгы – акылдын тазалыгы. Денени тарбиялоо- рухту тарбиялоо. Тарбиялоону мектептен баштоого тийишпиз.

Улукбек Омокеев, блоггер.