Дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлө
Индиянын Мизорам штатында дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлө жашайт. Бир эле кишиден 39 аял 94 бала жана 33 небереси бар. Жалпы болуп 167 кишини түзөт. Үй-бүлө башында күйөөсү – Цион Хан турат. Үй-бүлөдө ынтымакты сактоо үчүн Цион Хан тартипти каттуу кармайт. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү чоң, 4 кабатуу үйдө турушат. Анда 100 комната бар, ар бир аялынын өз бөлмөлөрү бар. Цион Хандын бөлмөсүнө жакын жаш жана жаңы алган аялдары жашашат.
Эсептешсе: тамактанганы бир олтуруп жегенге 220 кг күрүч, 132 кг картөшкө жана 30 даана тоок сарпталган экен.
Даярдаган Самара КАПАРОВА
Комментарий кошуу