кол коюу

2015-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  акы төлөө негизинде мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого жарандарды тартуу жолу менен  мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча чараларды күчөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.