паран1

Жашы 18-20 курактагы кыргыз тилинде сүйлөшкөн, баштарына чүмбөт кийген 4 атуул колдоруна белгисиз үлгүдөгү пистолет, бычак жана балта алышып, Чоң-Гара айылынын тургуну Базаров Абдилаттын жашаган үйүнө киришип, үйдүн ээсин, келини Мамытова Кайырманын жана кызы Абдикарим кызы Айзаданын колу буттарын скотч менен орошуп, 4000 сомго жакын акчасын, алтын буюмдарын жана эки дана «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алышып, белгисиз тарапка чыгып кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча  кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын жана Ноокат районунун тургундары Караев Ысманали, Абдиллаев Жамал, Орозов Арапбай, Шерматов Субанкул,  Омурзак уулу Алмаз (мурда соттолгон) кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Адыл АКМАТОВ, Баткен облусу