Ким менен чер жазып сүйлөшкүң келет?

“Күлүктүн күлүгү-ой” демекчи, оргуштаган кыялдардын кемесине түшүп алып, дүйнөнүн туш тарабына саякат кылабыз. Кээде сүрөттөр менен көп нерселерди пикирлешебиз. Кол жетпеген бийиктерди самап, сыйкырчы болуп кетүүнү да ойлонобуз. Айтор, адам кыялы, ою абдан кең. Ушул өңүттө, эгер сизде кыялыңызды оорундатуу үчүн,  мүмкүнчүлүк түзүлсө, “Кайсы белгилүү адам менен эмне жөнүндө сүйлөшмөксүз?” деген суроо менен белгилүү инсандарыбызга кайрылып көрдүк. Султан КАНАЗАРОВ, “Азаттык Медиа” мекемесинин директору: “Квентин Тарантино менен жолугушмакмын” -Пикир алышууну Квентин…
Толугу менен »

Орозалы комузчу: “Беш уулумду тең комуз чапканга үйрөттүм”

Кадамжайлык Орозалы Талипов 40 жылга жакын комуз чабуу менен алектенет. Бул аралыкта 200дөн ашык комуз жасаган уста эми бул өнөрүн уулдарына өткөрүп берди. Өрүктөн саркечтеп жасаган уста Орозалы комузчу чапкан комуздарын белгилүү искусство ишмерлери аздектеп…
Толугу менен »

Чыңгыз хандын түпкү теги Баргыбы?

Кыргыз элинин улуулугунда, байыркылыгында, баатырлыгында эч кандай шек жок. Бул тууралуу дүйнөлүк тарых да тастыктап турат. Кыргыздар Борбордук Азиядагы түрк элдердин эң байыркысы экенин илимпоздор да бир ооздон баса белгилеп келишет. Муну Хунндардын (хунну) доорунда…
Толугу менен »

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайды эскерүү кечеси өтөт

Эртең 5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу “Азатыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада Кыргызстандын…
Толугу менен »

Өлкө санариптик телеберүүгө өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүлөргө өтүү боюнча 2014-жылга карата пландалган иш-чараларды аткарып бүткөндүгүн массалык маалымат каражаттарына билдирди. Министрлик тарабынан телеканалдардын Социалдык пакети түзүлгөн. Социалдык пакет өзүнө 8 каналды камтып, алардын 7өө республикалык…
Толугу менен »

“Эркин Тоонун” журналисти, акын К.Бакиров Түрксойдун сыйлыгына ээ болду

ТҮРКСОЙ Баш катчылыгынын комиссиясы түрк тилдүү өлкөлөр боюнча берилчү ТҮРКСОЙ басма сөз сыйлыгын ыйгаруу чечимин кабыл алды, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев. – 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгына Кыргызстандан…
Толугу менен »

Эстебестей залкарды жоктогон заман

Эстебес аганы эң акыркы жолу кайсы бир тойдо жолуктуруп калдым. 2005-жылдын күзү эле. Ошол тойдо алгачкылардан болуп сөз кезеги келгенде, акын агабыз адатынча комузун колго алып, ырын ырдабады, эмнегедир өзү айткандай “жаңшабады”.  Жакшы тилегин айтып,…
Толугу менен »

Шопендей тынбай иштеген композитор

Бир кездеги кыргыздын айтылуу “Алтын күз” кинотасмасында айтылгандай: “Жаратылыштын жазы, күзү бар. Бирок, бул жашоодо ар бир адам өзүнүн “Алтын күзүн” жаратууга милдеттүү. Бүгүнкү Кыргызстандын музыка дүйнөсүндө барандуу орунду ээлеген жаркын таланттарыбыздын бири, КР маданиятына…
Толугу менен »

Болочок Атай, Моцарттар

Жарым кылымдык тарыхы бар борборубуздагы №2  музыкалык мектептин тарыхынан кеп салсак, биринчи директор Ишимбай Рыспаев, алгачкы окуу бөлүмүнүн башчысы Евсюков Семен Васильевич эске түшпөй койбойт. Анткени, алгач уюштурулуп жаткан өнөр мектебин өргө сүрөө кайдан оңой…
Толугу менен »

Г.Айтиев музейинде мультфильмдердеги каармандарды жасоо боюнча балдарга мастер-класс өтөт

 Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 7-февралда балдар үчүн мастер-класс өтөт. Музейден маалым болгондой, «Мультфильмдердеги каармандардын» пластилинографиясы техникасында өтөт. Иш-чара «Музейде уикенд» программасынын алкагында өтүп, 5 жаштан 14-жашка чейинки балдарга багытталган.  
Толугу менен »

Баткен шаарынын мэри журналисттерге конкурс жарыялады

Баткен шаарынын мэриясы журналисттер үчүн «Алтын калем» конкурсун жарыялады.  Шаардын ири жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн мыкты чагылдырган журналисттер 7-ноябрга карата «Алтын калем» сыйлыгын кошо ала алышат. Бул жөнүндө вице-мэр Имигүлсүн Рыскулова айтты. Журналисттер үчүн уюштурулган бул конкурс…
Толугу менен »

Жайнаковдун ырлары жаңырат

6-мартта Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы облустук драма театрында Кыргыз Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ырларын мыкты аткаргандар үчүн атайын конкурс жарыяланды. Бул боюнча буйрукка КР Өкмөтүнүн өкүлү Жеңиш Разаков кол койду.  Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга да…
Толугу менен »