Нарында тирүү карышкыр кармалды

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Карагай-Булак деген кыштоосунда тиричилик кылган Азамат Жунушов менен Тынчтык Токтоналиев аттуу 29-30 жаштагы жигиттердин ургаачы карышкырды 25-февраль күнү капканга кармашкандыгы белгилүү болду. Алар карышкырды 26-февралда Нарын шаарына алып келишкен экен.…
Толугу менен »

Лим Хюн Кванг, кореялык инвестор: «Баткендик багбандардын көп пайдасын түрктөр менен тажиктер көрүшөт экен»

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Ж.Разаков «Bio Agro» компаниясынын башкы директору Лим Хюн Кванг менен жолукту. Жолугушууга «Bio Agro» компаниясынын финансы директору Пак Сун Янг, Корея тараптан кеңешчи Канг Чонг Хун, ЖКнын депутаты А.Абдрахманов катышты.…
Толугу менен »

Баткен облустуна 10 бала бакча ачылат

Билим берүү министрлигинин алдындагы «Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүк» долбоорунун алкагында 2015-2016-жыл ичинде Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат,-деп билдирди аталган долбоордун координатору Александра Исаева. Дүйнөлүк Банк тарабынан аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 12,7 млн. сом…
Толугу менен »

Өз балдарын өзү өрттөгөн эмес

21-февралда Айдаркенге жакын Сырт айылында 1974-жылы төрөлгөн Р.Тажибаевди өз балдарын жана аялын өрттөп жиберген  деген маалымат АкиПресс маалымат агенттигине жарыяланган. Адам үрөйүн учурган мындай окуянын чоо-жайы боюнча облустук ички иштер башкармалыгы башка маалымат таратты. Таратылган…
Толугу менен »

Нарын шаарындагы 93 жаштагы ардагер Касымалы Абдиев 19 жашында согушка аттанган (фотобаян)

 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштун катышуучусу Касымалы Абдиев 1922-жылы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда Нарын шаарынын Сагынбай Орозбак уулу көчөсүнүн №110 үйүндө турат,-деп маалымдайт аймактык кабарчы. Касымалы ата 7-класска чейин Өзгөрүш айылынын…
Толугу менен »

Депутаттын демилгеси

Жогорку Кеңеш депутаттарынын айлык акы, сый акы, жол кире, шайлоочуларга, телефонго деген сыяктуу көптөгөн артыкчылыктары бар. Бирок өз жанынан акча чыгарып, кол сунган адамдар аз. Депутат Мамытбай Салымбеков Ат-Башыдагы Ичке-Таш-Рабат суусу канал аркылуу бурулуп келсе,…
Толугу менен »

Жалал-Абад шаарында биометрикалык маалыматтарды каттоо иштери улантылууда

"Учурда шаарда 15 биометрикалык маалымат алуу пунтку иштеп, аларда 30 оператор иштөөдө. Декабрь айына чейин 19 пунктта 38 оператор иштеди. Алардын күнүмдүк иштегендиги үчүн 250 сомдун тегерегинде акча каражаты төлөнүп берилет деп айтылган. Акча каражатын…
Толугу менен »

Депутат Ж.Исаев Баткендеги Максат-Кулунду жолун аягына чыгаруу зарылдыгын Өкмөткө багыттады

Максат-Кулунду жолунун маселесин депутат Жусупали Исаев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Депутаттын айтымында, бул маселе 3 жылдан бери көтөрүлүп, аягына чыгарылбай келет. Кыргыз…
Толугу менен »

Ат-Башы районундагы «Акбайрак» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунда кызматкерлер эмгек акы албай иштешет

 Мындай маалымат кечээ, 25-февралда Нарын шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо, аларга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы конвенцияны талкуулоодо аталган борбордун жетекчиси Шайгүл Өмүралиева билдирди,-деп кабарлайт аймактык кабарчы. Анын айтымында, «Акбайрак» балдар реабилитациялык борборунда 7 жаштан 18…
Толугу менен »

Ага Хан өнүктүрүү тармагы Нарын шаарына атайын карта тапшырды

  Нарын шаарынын аярлуу жана табигый коркунучтарынын тобокелчилигин баалоо боюнча долбоор өткөн жылдын аягы менен Ага Хан тармагынын (АХТ) айлана-чөйрөнү коргоо кору тарабынан иштелип чыккандыгын АХТнын Кыргызстандагы жетекчиси Кассим Шамш Лакха мырза 25-февраль күнү Нарын шаарында…
Толугу менен »

Нарында кен байлыктарга берилген уруксат баракчалар саны эки башка

 Нарын облусунун аймагынан тоо кендерин чалгындоого жана иштетүүгө КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекетик агенттик (ГМРМА) тарабынан уруксат баракчалардын берилген саны эки башка чыккандыгын облус жетекчиси Аманбай Кайыпов дагы бир жолу маалымдады.…
Толугу менен »

Тартип бузгандарга чара көрүлбөсө, кайдагы кылмыш менен күрөш,-нарындык ИИО ардагерлери

Нарында өткөрүлгөн укук бузуулардын алдын алууга арналган форумда жергиликтүү бир катар ички иштер органдарынын ардагерлери сын-сунуштарын келтиришти. -Бул жыйын илгерки партиялык чогулуштай болуп, отчет берүү менен чектелүүдө. А эмне үчүн жасалган кылмыштар боюнча айтылбайт. Мисалы…
Толугу менен »