Жалал-Абадда Облустук балдар чыгармачылык борборунда жыйындар залы ачылды

Бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Облустук балдар чыгармачылык борборунун жыйындар залынын ачылыш аземи болду. Эл аралык долбоордун колдоосунун негизинде үч айдын ичинде зал жалпы оңдоп-түзөөдөн өтүп, бүгүнкү күндө колдонууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма…
Толугу менен »

Кыргызстандын түндүгүндө күйүүчү-майлоочу майга болгон баа бир жума ичинде өзгөргөн жок (мониторинг)

 Кыргызстандын түндүгүндө күйүүчү-майлоочу майдын баасы бир жума ичинде өзгөргөн жок. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын азык-түлүк продукциясы жана күйүүчү-майлоочу майдын баасы боюнча  Бишкек шаарындагы ири базарларга жана түндүк аймактагы облустар боюнча ушул…
Толугу менен »

Оштогу эстакадалык көпүрөгө Владимир Путиндин ысымын берүү демилгеси көтөрүлдү

Ош шаарындагы салынып жаткан эстакадалык көпүрөгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымын берсек да болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда порталына Ош шаардык кеңешинин депутаты Талант Капаров билдирди. Маалым болгондой, бүгүн Ош шаарында шаардык кеңештин депутаттарынын жыйыны…
Толугу менен »

Ошто жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча борбор ачылды

Ошто 19-ноябрда жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча борбор ачылды. Мекемени ишке киргизүү аземине КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Ош облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Б.Юсупов, шаардын вице-мэри З.Аскаров жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы…
Толугу менен »

Оштон Сирияга барып туткун болгондор

УКМКнын маалыматына караганда, учурда 175 кыргызстандык Сирияга кеткен. Анын он чактысы ошол жерде каза болгон. Дагы үчөө Сирия өкмөтүнүн колуна түшүп, өлүм жазасына тартылганы турат. УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175…
Толугу менен »

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен дин кызматкерлери биргеликте Сирияга кеткен жаштардын иши боюнча баарлашышты

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн демилгеси менен 19-ноябрь күнү Араван райондук мамлекеттик администрациясында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, дин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда диний кырдаал боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга…
Толугу менен »

Кыргыз прокуратурасынын 90 жылдыгы Ысык-Көл облусунда салтанаттуу жыйын менен белгиленди

Кыргыз прокуратурасынын 90 жылдыгы Ысык-Көл облусунда салтанаттуу жыйын менен белгиленди. Бул тууралуу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы маалымдады. Ага Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Акылбек Джаныбеков, облустун прокурору Айбек Какеев,…
Толугу менен »

Ош технологиялык университетинде кыргыз-казак байланыштары талкууланды

Академик Муса  Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинде “Кыргыз -казак байланыштары” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу 19-ноябрда аталган окуу жайдан билдиришти. Иш-чараны университеттин  Экономика жана Башкаруу факультетинин Мамлекеттик башкаруу жана Эл аралык мамилелер кафедрасы…
Толугу менен »

Тайырбек Сарпашев 20-22-ноябрь күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарында болот

20-22-ноябрь күндөрү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапары менен барат. Муну бүгүн, 19-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессин көрүп чыкмакчы. Биринчи вице-премьер Токтогул районундагы Боз-Тектир жана Тегерек…
Толугу менен »

Кара-Буура районундагы мектепке эл аралык уюмдар бир катар жардам көрсөтүштү

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагындагы пилоттук мектептердин катарына кирген Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектепте ушул тапта билим алып жатышкан 700 окуучунун 300дөн ашыгы түшкү тамактанууга тартылмакчы. Аталган программанын…
Толугу менен »

Манас районунда жеке ишкер өз каражатына айылдыктарга мончо салып берди

Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жеке ишкер Сапарбек Курманалиев пайдаланылбай келген имаратты колуна алып, өз каражатынын эсебинен 6 млн сом жумшап, заманбап үлгүдөгү мончого айландырды. Жеке ишкердин айтканына караганда мончого кирүү акысы чоң адамдарга караганда мектеп…
Толугу менен »

Ысык-Көл менен Ирандын Мазандаран провинциясы кызматташуу боюнча макулдашты

Жакында көгүлтүр Көл кылаасында Иран Ислам Республикасынын Мазандаран провинциясынын губернатору Раби Фаллах Джелодар мырза жетектеген ишкерлер тобу болуп, өрөөндөгү бир катар чарбалар, ишканалар менен таанышкандан кийин КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев менен эки…
Толугу менен »