Бишкектеги “Жеңиш” аянтында 26-октябрь күнү ылдамдыкты сүйүүчүлөр үчүн стандрайдинг боюнча Европа жана Орусия чемпиону, экстремалдык фристайлер Лаурис Клебахас, Янис Розитис мотоциклде шоу көрсөтүштү. Ошондой эле шаардык деңгээлде унаа жарыш өтүп, катышуучулар алдын ала даярдалган тоскоолдуктарды айланып өтүштү. Автослалом боюнча жарышка 8 унаа катышты. Финалга Алексей Веденеев менен Андрей Батурин чыгып, №2-Субару унаасын айдаган Андрей Батурин атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Иш-чараны Орусиянын Мотоцикл федерациясы, Кыргызстандагы “Ява Мотюль” мотор майлар компаниясы Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурду. Бул 2014-жылдын аралыгында 7 мамлекетте (Польша, Болгария, Латвия, Орусия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан) өтүп жаткан турненин алкагында өттү.
Стандрайдинг – англис тилинен которгондо “кыймылда жүрүп трюк көрсөтүү” дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, мотоцикл айдоочуларынын кыймылда баратып бийлегени, трюк көрсөткөнү. 2013-жылы стандрайдинг Эл аралык мотоспорт федерациясы тарабынан спорттун бир түрү катары жарыяланган.
мото спорт2 мото спорт мото спорт1мото спорт3Булак: super.kg