Ой-илик

Серепчи Азамат АКЕЛЕЕВ:

-Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстанга экономикалык жактан өсүш болот. Анын ичинде күйүүчү майлардын баасы арзан болоору күтүлүүдө. Евразиялык экономикикалык бирикмеге кирсек, анда эмгек мигранттарыбызга жеңил болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру АЛТЫБАЕВА:

– Бажы биримдигине киргенибизде бардык нерсеге реалдуу карашыбыз керек. Алгачкы, алдыдагы беш-алты жыл арылыгында кыйынчылыктар болот. Ошого карабастан, Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык аймагына киришибиз керек.

Экономист Жумакадыр АКЕНЕЕВ:

– Евразиялык бирикмеде эмгек мигранттарынын кызыкчылыктары каралган. Бирикмеге кирсек эмгек мигранттарына кесип менен иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мигранттардын укуктары жакшы сакталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан БАКИРОВ:

– Бажы биримдигине киргенден кийинки абалыбызды экономика министри Т. Сариев “төрт-беш жыл кыйналабыз” деп айтып жатат. Анын кээ бир белгилери азыртадан эле байкалууда. Бирок, Бажы биримдигине кирсек, келечекте экономикабызда зор бурулуш жасалаары тууралуу ишеним бар.

КР эл аралык ишкерлер бирикмесинин жетекчисинин орун басары Нурлан МАКСУТОВ:

-Бажы биримдигине кирүү бизнес секторуна оң таасирин тийгизет. Россия жана Казакстан өлкөлөрү менен болгон соода-сатыктын деңгээлин сактап калуу жана андан ары өркүндөтүү жагы жолго салынат. Экинчиси, Кыргызстанга инвестициялык жактан жакшы шарттар түзүлөт деп ойлойм.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, төмөнкү коркунучтар пайда болот

–  Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы азыркыдан да кымбаттайт.

–   Орусияда, Казакстанда жүргөн мигранттарыбыздын абалдары кыйындайт.

–    Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөр менен соодалашуу татаалдайт.