ризван ош1 ризван Ош

Ош технологиялык университетинде окуу жайдын администрациясы, окутуучулары жана студенттердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги затты көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери   менен жолугушту. Анын негизги максаты аталган мамлекеттик органдарынын аткарып жаткан иштери   тууралуу  маалымат берүү жана студенттер  менен  ой бөлүшүү болду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  баңги затты көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары, полковник Анарбаев Гуламжан ,  Түштүк башкармалыгынын башчысы, баңги затты көзөмөлдөө кызматынын полковниги Сариев Кадыр, аталган кызматын мобилдик оперативтик топтун башкармалыгынын башчысы,  полковник Алтыбаев Руслан  жана аталган кызматтын кызматкерлери келишти. Студенттерге аталган мекеменин аткарып жаткан оперативдүү иштери тууралуу маалыматтарды берип, атайын даярдалган видео роликтер көргөзүлдү. Жыйынтыгында студенттер тарабынан бир катар суроолор берилип, кеңири жооп   алышты.

 Ризван  Исмаилова,  Ош шаары