Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши боюнча Бакай-Ата райондук сотунун турак жайга тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде Бакай-Ата айылынын Манас көчөсү № 145 дарегинде жайгашкан 1969-жылы туулган С.К, аттуу жарандын турак жайына тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында кухнянын ичинде турган газ плитанын жанында ак түстөгү целофанга оролгон салмагы 40 грамм түзгөн өзгөчө жыты бар, кургатылган жашыл түстөгү кара-куурай баңги заты алынган.

Учурда тиешелүү изилдөөлөр дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Булак: Turmush