Бишкекте 20 кг ашык баңги зат менен «Чыйыр» гезитинин башкы редактору А.Атабаев кармалды
 Укук коргоо органдары баңгикылмышка шектүү жаранды кармашты, деп кабарлашты 22-октябрда АКИpress агенттигине ИИМден.Кармоо 15-октябрда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде болгон.

Укук коргоо органдарындагы булактардын маалыматына таянсак, кармалган адам «Чыйыр» гезитинин башкы редактору Акылбек Атабаев болуп чыккан.

ИИМ маалымкаты боюнча, шектелген адамдын жанынан картон кутучасы табылып, анын ичинде чүпөрөк баштыкчалар болгон. «Кутуда уксус ангидрид жыты менен заттар табылган. Андан тышкары, 2 полиэтилен баштыктары менен оролуп, скотч менен чапталган нерселер табылган, алар алдын ала маалыматтар боюнча опий болгон. Жана синтетикалык ак сумка алынып, андан «гашиш» баңги заты менен 11 полиэтилен пакеттер чыкты», – деп билдиришти министрликтен.

Ведомствонун басма сөз кызматы бул фактыны тастыктады, жана бул боюнча кылмыш иши козголуп, алынган баңги заттардын жалпы салмагы аныкталуу менен тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.