Айнура Осмонова1

Гендердик теңчиликке жетүүдө аялдардын экономикалык жана саясий укуктары боюнча  көйгөйүн  чечүү  негизги маселе.  Адам укуктары – бул ар бир кишинин толук кандуу  жашоосуна зарыл болгон көз караштардын юридикалык тутуму, 1948-жылы Бүткүл Дүйнөлүк адам укуктары боюнча Декларацияда бекитилип, анын алкагында Эл аралык пакт кабыл алынган. Ал эми 1979-жылда кабыл алынган “Аялзатына карата дискриминациянын бардык түрүн жок  кылуу  жөнүндөгү” Конвенцияга ылайык жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында, “Аялдардын абалы жөнүндө Комиссиясы” тарабынан 2010-жылы Пекин декларациясы жана башка Эл аралык уюмдардын аракетинде Аялдардын, экономикалык укугун кеңейтүү Миңжылдыктын декларациясында белгиленген. Аялдардын маселелери боюнча экономикалык укугун адилеттүү кеңейтүү, экономикалык өсүштү шарттайт. Аялзаттын билим алуу, жумуш менен камсыздоо багытындагы экономикалык укугун кеңейтүүдө прогрессивдүү кадамдарга карабастан, түпкүрүндө гендердик теңсиздик орун алып келет. Эркектер менен аялдарга бирдей укуктук мүмкүнчүлүк берилген учурда да, эки бөлөк жыйынтык алынат. Эмгек рыногунда болобу, маданият, билим берүү, сыяктуу социалдык тармактарда, кызматтык баскычка  көтөрүлүүдө, социалдык камсыздоо кепилдиктерди, салык жеңилдиктерин, репродуктивдүү мезгилдеги мамлекеттик камсыздоо, кесиптик даярдык, бала багуу өргүүсү, үй кызматы, жакындарын кароо маселелеринде экономикалык укуктарын кеңейтүү көйгөйү турат.  Анткени, ресурстардын тартыштыгын эске алганда, ар кандай деңгээлдеги чечим кабыл алууда аялдардын  добушу жокко эсе. Ага мисал катары мүлккө, жерге жана бир топ экономикалык укуктарга аялдардын укугу чектелүү жана укуктук маалыматы жок. Айыл жергесинде жашаган аялдардын укугу “мышык ыйлаарлык”, көпчүлүк учурда саясий  кызматтарга өз талапкерлигин коюуга эрктери жетпейт, биз эмнени чече алабыз, бизди укпайт, кайын журту же күйөсү тыюу салат дешет. Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттемелер алынып,  тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Ошого карабастан дүйнөлүк парламент аралык шериктештик уюму тарабынан дүйнө жүзү боюнча парламенттеги аялдардын саны 19 пайызды түзөөрү  белгиленген.  Ал эми, Дүйнөдөгү 43 өлкөдө гана парламенттеги аялдардын саны 30 пайызды түзүп, 62 өлкөдө бийликтеги аялдардын саны 10 пайыздан ашпайт экени айтылууда. 

Менин айтайын дегеним кыргыз менталитетине ылайык аял кишинин орду үй-бүлөдө, башкача айтканда аял киши эне, зайып жана коломтонун туткасы болуп келген. Заман талабына ылайык, кошуна жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз айымдарынын саясатта ээлеген орду бар. Буга мисал катары айта турган болсом, өткөн  доордо  Курманжан Датка энебиз “Түштүк ханышасы” атка конуп, Россия империясынын элчилерин таң калтырган болсо, биздин заманда Роза Исаковна,  мамлекет үчүн эң оор учурда, өткөөл кездеги президенти  болду.

Учурда Кыргызстандын парламентинде 22 пайыз аял киши болсо, ал эми эң күчтүү бийлик бутактарында да аялзаттары иштешет,  бул аргасыздан сандык жагынан, квотанын жардамы менен келип жатышканы белгилүү. Көңүл буруучу нерсе, биздин мамлекет “мына бизде гендердик теңчилик бар” – деп көрсөтүш үчүн эмес, аялзаты ээлеген кызмат ордунда кандай иш алып бара алды, деген суроого жооп издөөнү туура көрөмүн.

Табиятынан боорукер, тапканын бүлөсүнө арнап, эмгегине жоопкерчилик менен мамиле жасаган аялзаты, кызмат ордуларында да, жемкорлукка жана ашыкча ысырапкорлукка барбай иш алып бараары коомчулукка дайын болду. Ошондуктан эркектерге салыштырмалуу, аял киши өз кызмат ордунда айланасындагыларга шарт жаратып, өлкөнүн алга жылышына салым кошуп жатат.

Ал эми, жалаң аялзаты бир кандай иш-чаранын алкагында чогулуп алып, ар кандай суроолорго жооп издеп, өз казанында кайнабастан, ушундай жыйналыштарда мырзаларды да катыштырып, алардын жигердүү сунуштары менен таанышуу туура деп эсептеймин.

Өлкө ичинде орун алган ар кандай даражадагы шайлоо  жолу менен келчү бийлик органдарында гендерлик  теңчиликке жете элекпиз. Мындай абалга келгенибиздин  түздөн түз себептери катары, улуттук стереотиптерибиз менен аялзаттарынын өздөрүнүн да аракетсиздигин белгилөөгө болот. Кээ бир учурларда аялзаты саясий инструментке айланып,  митинг, акцияларда жүрүшөт.

Белгилей кетчү нерсе, дүйнөлүк экономикалык форумдун иликтөөсүнө ылайык, экономика жаатында да Кыргызтанда аялдардын орду көңүл жылытаарлык эмес, анткени ири ишкердик менен алектенгендердин 2 гана пайызын аялдар түзөт жана өндүрүш тармагында аялдар 22%, соодада 56%, жеке ишкерликте 19%ды айымдар түзөт.

Аялзатынын жашоосу жакшы болгону, мамлекеттин жакшы жакка өзгөрүшүнөн кабарлайт. Демек, чет элдик инвестициянын  тартылышына да маанай түзүлөт жана өлкөдөгү жашоо деңгээлинин жогорулашына түрткү болот.

Жогоруда белгиленгендерди эске алып:

-Партиялык тизме менен микро жана макро деңгээлде шайлоого катышып жаткан айымдарды, эки эркектен кийин бир аял деген нормада эмес, бир аялдан кийин эки эркек жазылуусун сунуштап, кийин ал партия шайлоодо жеңишке жеткенде, алгач сунушталган тизмени өзгөрүүсүз болуусун мыйзамга киргизүү;

-Аялдарга саясий жана экономикалык укук боюнча аң-сезимин көтөрүү багытында маалыматтарды кеңири жайылтуу  программасын иштеп турмушка ашыруу;

– Репродуктивдүү мезгилдеги аялдардын эне менен баланын  социалдык абалын коргоого алуу Программаларын турмушка ылайык ишке ашыруу;

-Аялдарга болгон кызматтык, саясий, экономикалык жашыруун кысымдарды ачыктап, ага карата мыйзам чегинде жоопко тартуу.

Кыргызда “көп түкүрсө, көл болот”, жалгыздын колунан келбеген жалпынын колунан келет. Ошондуктан, Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ак дилден, таза кызмат өтөгөнгө, баарыбызды чакырып кетемин!

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу