Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 7,6 млн сомдук долбоордун алкагында 2297 калк таза суу менен камсыз болушту

АКМУЗ СУУ (7)

Нарын облусунун Ат-Башы районунун кыраакы аймагында жайгашкан Ак-Муз айылындагы 2297 жергиликтүү калк таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Азатбек Капатов билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, бул иш АРИС уюмунун «Айыл жерин таза суу менен камсыз кылуу, санитария – 2» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Мурда жарактан чыгып калган таза суу түтүктөрүн жана баштапкы суу таратуучу бөлүгүн оңдоп түзөп, 148 метр тереңдиктен суу сордуруп чыгуу насосторун алмаштырууга жалпы 7 млн 637 миң 188 сом каражат сарпталган.

«Биз айылда бул уюм менен бир канча жылдан бери иш алып барабыз. 2003-жылы мурда курулган таза суу тармагы жакшы курулбагандыктан улам биз 2010-жылдары таза сууну ташып ичип калганбыз. Ошондон кийин бул уюм аркылуу долбоор жазып, Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу кайрадан жаңы түтүктөрүн, баштапкы суу берүүчү тармактарын калыбына келтиртип алдык. Азыр ноябрь айы менен элге тегиз таза суу бере баштайбыз», – деди А.Капатов.

Ал кошумчалагандай, учурда суу тармагын жандандырып иштетип жаткан суу пайдалануучулар ассоциациясына өткөрүлүп берилип иш алдыга жылууда. Бул долбоор жол картасы 2014 стратегиялык планына киргизилген. Курулуш иштерин «Кочкорсуукурулуш» ЖЧКсы колго алып бардык жумуштарды жасады.

 

Булак: Turmush