“Анда потенциал жана тажрыйба бар, эми бюрократия жана документацияга көнүшү керек, бирок, ишенем, бардыгын бат өздөштүрүп, өзүн көрсөтөт” деп премьер-министр Жоомарт Оторбаев үмүт арткан Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов 13-октябрдан тартып өз ишине киришти. Парламент, Өкмөт жана Өкмөт үйүнүн алдына аны колдоп ырдап барган өнөр адамдарынын үмүт-ишенимдери канчалык аткарылат, аны убакыт көрсөтөр. Ага чейин деп кыскача маек алганбыз, ал төмөндө.

– Эсептесек, эгемендиктеги онунчу министр экенсиз. Дегеле, өзүңүз ишин баалаган, өрнөк туткан маданият министри барбы?
– Иштеп кеткен министрдин көбүн сыйлайм, көбүн баалайм. Бирине да жаман айталбайм. Ошол эле учурда Күлипа эжебизди, мурдагы агаларыбызды кайталайм деп да айталбайм. Ар бир чыгармачыл адамдын, министрдин өзүнүн жолу болуш керек. Ал кез союз убагы болчу. Азыр эгемендик, жаңыдан күчтөнүп келаткан кез. Жакшы болот деген ишеничтемин.
– Сиз ишти маданият министрлигинин ички ресурсу, иши менен таанышып баштайм дегенсиз. Жоопкерчиликтүү ишиңизде көмөктөшчү жаш командам бар дегендей кылдыңыз эле. Эми кандай, министрлик ичинде кадрдык тазалануулар жүрөбү?
– А сиз тазалануу дегенди кандай түшүнөсүз? Мен адамдын баарына ишенем. “Жаман адам болбойт, эгер тилин тапсаң” деп коет да. Жемелеп, кодулап, жаман эле жаман дей берсең жаман боло берет, жакшы айтсаң – жакшы болот. Бул чөйрөдө иштегендердин баары мен сыйлаган, аябай иштерман, буга чейин маданиятты кармап келген адамдар. Буларга ырахмат айтып, колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ушул адамдар менен эле иштейбиз, ал эми мен айткан жаштар кызматка отурбай эле, тикесинен тик туруп жардам бере турган балдар-кыздар.
– Сиз башкарчу министрликке туризм, маалымат жагы да карайт, бул жагында күчүңүз жеткидей эмес деген да сөз жүрдү эле…
– Туризм министрлике кийинчерээк эле кошулбадыбы, бул эми өзүнчө чоң тармак. Бул жагында иштеген адамдар көп, алар жакшы билген жолдор бар, ошолор менен жакында жыйын өткөрөбүз. Ал эми маалымат жагы башка өлкөлөргө караганда жакшы эле эркин, болгону кичине гана маданияттуулук керек. Бул эми, бири-бирибизге сый мамиле кылып, айтканды бурмалабай түз берип, үстүртөн эмес, тереңден изилдеп жазышса деген эле тилек. Негизи ар бир тармактын иш-багытын аны жакшы билген адамдар менен кеңешип түзүшүбүз керек.
– Жайсаңчы деп жаткандарга не дейсиз?
– Кыска эле айтайын, жайсаңчы эмесмин. Жайсаңчы эмне экенин жакшы билбейт да экем. Бирок Жайсаң жөнүндө, манасчы жөнүндө китептерди билем. Бул жөнөкөй гана жалаа деп койсок болот. Андай кишилер деле жок болсо керек. Жайсаңчы деген ойдон чыгарылган нерсе го дейм.
– Маданиятты жоктоп Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп барган окуя болбоду беле, парламентте ошону да эскертип, “силердин ыйыңардан көп кишиден айрылдык” деген сөздөр айтылды. Өзүңүздү кандайдыр бир күнөөлүү сездиңизби?
– Бул жашоодо түбөлүк жашаган адам жок. Өкүрүп барганга чейин деле чыгаан кишилерибизден айрылып келгенбиз. Биз маданиятыбыз өкүргөн абалга келип калган жокпу деп барганбыз. Маданият – бул адам эмес, адамдардан келип чыккан баалуулук, адамдардын ички байлыгы. Маданият эч качан өлбөйт. 20-23 жылда канча улан-кыз чоңойду, маданият жагынан кандай тарбия бердик, көп бала тарбиясыз калды, чыгармалар жаралбай калды, театрларга спектаклдер коюлбай калды, элдин маданияты эмне болуп жатат, ойгонсокпу деп белги кылып барганбыз. Анын баарын мен өзүм уюштуруп баргам. Үч эле мүнөттүк нерсе болчу, бул болбогондо эч ким көңүл бөлмөк эмес.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Булак: Асаба