гидро1

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик өлкөдөгү аба-ырайына гидрометеорологиялык байкоолорду, болжолдоолорду жасап, маалымат менен камсыз кылуу боюнча иш алып барат. Республикадагы бардык аймактарда алдыдагы күндөрдүн жана аптанын, ал тургай ай ичиндеги аба-ырайынын болжолдуу күтүлүшү, кескин суук түшүшү же, кар көчкү түшүшү ж.б. тууралуу маалыматтарды мына ушул агенттик аркылуу алабыз. Башка кесиптердин ээлери адатта иш убактысында гана иштеп, түнкүсүн жана дем алыш күндөрү эс алсак, гидрометеорологдор күн-түн дебей, дем алышсыз иштешип, аба-ырайы тууралуу маалымат берип келишет. Анткен менен булардын иши оор. Күн сайын интернет аркылуу Ташкент шаарында жайгашкан коммутация борборунан Кытай, Орусия, Европа  жана Япон спутниктеринен тартылган аба-ырайынын алдын ала божомолдоочу карталарын алып, аны республиканын ар кайсы аймактарында жайгашкан 32 станциядагы маалыматтар менен салыштырып, анан жакынкы күндөрдөгү аба-ырайынын болжолдуу күтүлүшүн чыгаруу оңой эмес. Ошого карабай, өз кесибин сүйгөн кызматкерлер да жок эместигин агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев сыймыктануу менен айтат. Анын айтымында, тармакта адистер жетиштүү дегенибиз менен айлык маяналардын аздыгы тууралуу маселе көп жылдардан бери чечилбей келет. Мындан улам, тажрыйбалуу айрым адистер башка тармактарга кетип калышууда. “Биздин кызматкерлер мамлекеттик жана сеттик кызматкерлер деп экиге бөлүнөт. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларынын суммасы 10 миң сомдун тегерегинде, ал эми сеттик кызматкерлер 4 миңге жетпеген суммада маяна алышат”, – дейт ал. Ошондой эле ал республикада атайын гидрометеорологдорду даярдаган окуу жайлар өтө эле аз болгондуктанбы, же бул адистикке кызыгуу жок болгондуктанбы, айтор, тармакка жаштардын тартылуусу солгун экенин кошумчалайт.

Учурда Кыргыз-Россия-Славян университетинде гидрометтерди даярдаган кафедра бар. Былтыртан тарта КУУда көп жыл мурда иштеп, жабылып калган метеорология-гидрометеорология кафедрасы кайрадан иштеп баштаган. Мында деле ашып кетсе, жылына 10го жетпеген бүтүрүүчүлөр чыгат. “Окууну жаңы бүтүп келген жаш адистер бизге жумушка орношушат. 1-2 жыл иштеп, тажрыйба алышат да, башка жактарга кетип калышат. Негизинен, агенттикке геолог, экологдорду деле жумушка ала беребиз”, – дейт Рыскелди Асанходжаев.

Азыр кыш мезгилинин алгачкы айында жашап жатабыз. Өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы кыш эрте келиши менен айырмаланды дешет адистер. Бирок, мындай көрүнүш жаз алды менен тоолордон суунун түшүшү көп болуп, энергетикалык көйгөйдүн аз болушуна себеп болот деп кубанышат. Ал эми үстүбүздөгү декабрь айында температура көп жылдыктан бир аз төмөнүрөөк болот деген божомол бар.

Аба-ырайы алдын ала кантип аныкталат?

Негизи, аба ырайын алдын ала аныктоодо көп жылдык прогноздор колдонулат. Республиканын ар кайсы аймактарында жайгашкан автоматтык станциялардагы аба-ырайынын кескин өзгөрүшү, шамалдын багыты, абанын басымы, кардын, жаандын жаашы, көчкүнүн түшүшү же кар күрткүсү болоору тууралуу маалыматтар коммутациялык борборго келип түшөт. Андагы маалыматтар көп жылдык прогноздорго салыштырылып, анализденген соң, алдыдагы үч күндүк же апталык, эң узак дегенде, айлык божомол аныкталат. Маселен, быйылкы декабрь айынын прогнозу 2005-жылдын январына окшош болот деп берилген.

Агенттиктин Метебожомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Ражабова белгилегендей, үстүбүздөгү айдын алгачкы 10 күндүгү боюнча негизинен, дыйканчылык аймактарда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, айрым жерлерде гана суук болушу күтүлөт деп божомолдонот. Чүй облусу боюнча айдын биринчи жана экинчи он күндүктөрүндө түнкүсүн 0…5* суук, күндүзгү температура 3…8* жылуу, кээ бир күндөрү 15* ка чейин жылуу болоору күтүлөт. Ал эми үчүнчү он күндүктө күндүзү 0…5* суукка чейин төмөндөйт. Ушундай эле аба-ырайы Талас, Ысык-Көл облустарында да кайталанышы ыктымал. Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында көбүнчө жылуу температура катталып, үчүнчү он күндүктө гана абанын эң төмөнкү температурасы күтүлөт.

Ал эми агенттиктеги кар көчкүгө каршы коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Султан Белеков Кыргызстандын тоолуу автоунаа жолдорунда жакынкы убакта күтүлүп жаткан кар көчкүлөр жана кар күрткүлөр тууралуу маалыматтарды алдын ала байкоо салып турат. Мындай билдирүүлөр ӨКМ тарабынан ар бир мобилдик телефон колдонуучуларга СМС аркылуу билдирүү келип турат.

Айрым учурларда 2-3 күндүк же бир апталык прогноз боюнча берилген божомол туура эмес болуп калган учурлар деле кездешет. Мындай учурду адистер адам сыяктуу эле техниканын да жаңылыштыгы деп эсептешет. Мындай дал келбестик көбүнчө анонимдик кубулуштар деп айтылат. Маселен, тоо этектеринде көз ирмем убакытта жаан жаап жиберген учурлар болот. Аба-ырайынын мындай тез кубулушун техника да сезбей калышы ыктымал.

Динар ТУРДУГУЛОВА