Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун тургуну Өмриниса Мамырбекова кийим тигүүчү цех ачып, 8 айымды иш менен камсыз кылды. Бул цехте негизинен кыздарга берилчү септер даярдалат.

Жеке ишкердин айтымында, кийим тиккен каражатка айыл жеринде үй тургузса да болот. Бул тууралуу ишкер айым аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен жеке ишкердикти 2002-жылы баштадым. Ага чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп келдим. Андан кийин пенсияга чыктым. Пенсияга чыгып үйдө олтура бербейин деп жеке ишкерликти баштадым. Алгач иш баштаганда бир бөлмө сатып алып, 3 айым менен баштагам.

Кийин бөлмөнү чоңойтуп адамдарды көбөйтө баштадым. Азыркы күндө эки бөлмө ачып алдым. Себеби бир бөлмөдө 8 адам батпай калды. Ошондой эле, буюртмалар да көп түшө баштады.

Мен жаш кезимен бери эле тигүүчүлүк жагынан талантым бар. Кийим тигүүнү кийинчирээк өздөштүрдүм. Азыр бардык кийимдин түрүн тигем. Биздин цехте иштеген адамдардын баардыгы кийим тигүүнү жакшы өздөштүргөн. Мен келген кыздарга кийим тиккенди да үйрөтөм. Алар убакыт келгенде өз алдынча кийим тиге башташат. Үйрөнүп калгандан кийин кааласа иштейт, болбосо башка жакка ишке кетишет»,- деди Өмриниса Мамырбекова.

Каарманыбыздын айтымында, бул цехте кыздардын себи бир жуманын ичинде даярдалат.

«Биздин негизги ишибиз сеп даярдоо болуп саналат. Бир ай ичинде жок дегенде бир жолу сеп тигип бер деген буюртма келет. Аны бир жуманын ичинде бүтүрүп беребиз. Күз айлары келгенде сеп даярдаткан кардарлар көп болот. Аларды мүмкүн болушунча тездетип даярдап беребиз. Ар бир ишти кылдат жасап, кардарлардын ар бир айткан жумушун орундатканга аракет кылабыз», – деп кошумчалады ал.

Ишкер айым менен 13 жылдан бери чогуу иштешип, оң колундай болуп калган Гүлчахра Рахыпжанованын айтымында, айыл жеринде иши жок айымдар иш менен камсыз болуп жатканы жакшы көрүнүш.

«Мен бул жерге келип иштегениме 13 жыл болду. Цех жаңы ачылганда келип, иштеп калгам. Ошондон бери ушул жерде иштеп келе жатам. Тапкан айлык маянам айыл жерине жетет. Бул жерде деле кылган ишке жараша акы берилет. Бир эле учурда жеке өзүмө дагы буюртма келип калат. Аларды аткарып, эмгек акымды алам», – деди Гүлчахра Мамырбекова.

Жеке ишкер, учурда жаңы тигүүчү машиналарды алып келүүдө. Ал атайын долбоор менен иштешип, 2014-жылы 130 миң сомдук жабдыктарды алып келген.

ц

 

ц1

ц2

ц3

ц4