Афган согушу1

Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында 1963-жылы 20-февралда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин колхоз ишине киришип, жардамчы чабан болуп эмгектенип, Советтик аскердин катардагы кызматына 1981-жылдын апрель айында чакырылып, 1983-жылдын июнь айында Мекенге кайткан. 1984-1989-жж. Бишкектеги  “К.Скрябина” атындагы айыл-чарба институтун аяктаган. 1989-2000-жж.Эмгек жолун өзүнүн колхозунда зоотехник кызматынан баштап, башкы зоотехник, Базар-Коргон райондук даярдоо конторасында кампа башчы, калкты иш менен камсыздоо борборунда башкы адис, Жалал-Абад областында кой чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоордо кеңешчи болуп эмгектенет. 2000-2004-жж.  Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясында агрардык өнүгүү бөлүмүнүн инспектору болуп иштейт. “Түштүк аймагы боюнча Кыргыз айылтехсервис лизинг компаниясы”   ААК түштүк аймагы боюнча координатору, 2006-2010 жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2010-жылы Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчисинин м.а., Жалал-Абад шаардык мэриясында мэрдин орун басары, “тазалыкты сактоочу атайын автобазасынын директору кызматтарын аркалаган.  2012-жылдан бери “Кыргызайылтехсервис” ААКнун түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп эмгектенүүдө. Үй-бүлөлүү, үч кыз, бир уулдун ардактуу атасы.

Белгилүү болгондой 1979-жылдан башталган Ооган жергесинде согуш 1989-жылга чейин  созулуп  өлкөбүздөн  канчалаган уландар кайтпай, бөтөн жерде көз жумушту.  Ошол кезде Афганистанда абал кандай экени ачык айтыла берилчү эмес эле. Жаштык жалын дегендей эле,  Аскер комиссариаты тарабынан: “Афганистанга ким барат?” – деп сураган кезде, “Мен барам!” – деп көпчүлүк кыргыз жигиттери жооп берип, Афганистанга аттанган элек.

Азыр ойлосом, жаштык – бул жалын дегендей эле болгон экен. Биз барып афган элине жардам беребиз, ал жерге тынч  жашоону  орнотобуз деген таттуу кыялдар менен жөнөп кеттик.  Алгач эки ай аскер даярдыгын Түркмөнстандын “Кушка” деген жеринде өттүк. Баардык аскер сырларын үйрөтүү менен бирге, бул “Кушка” жергеси афган жергесине окшотугу бар болгондуктан аскердик талаа горнизонунда, душмандын огунан сактануу, согуш талаасында өзүн жоготпоо жана жарадар жоокерге жардам берүү, согуш куралдарын туура колдонуу боюнча даярдыктан өттүк. Аскердик антты да дал ушул “Кушка” жергесинде  бердик.

Дивизиялык окуу борборунан мени менен  бирге вертолет менен 300дөй жоокер Ооган жергесине жиберилдик. Ал жердин “Шындант” шаарына келип жөө аткычтар полкуна кошулдук.  Биздин ротанын башчысы Коночкин кыска мөөнөттө кайрадан бизди согуш талаасына даярданта баштады. Бул аралыкта биздин ротанын командири Коночкин ар бир жоокердин жөндөмдүүлүгүнө жараша милдеттерди жүктөп, тапшырмаларды бере баштады. Мага болсо СВД(снайпер) куралы берилди  б.а. көзгө атаар деп койсок болот. Аскер адамдары түшүнөт да, бир ротанын эки жоокери снайпер болсо, эки адам байланышчы (связист), пулемет, минамед жана сапёр ж.б. болуп бөлүнөт. Бир жума даярдыктан өткөндөн кийин эле, “тревога!” жарыяланды, июнь айынын орто чениндеги түндө “Адыраскан” кыштагына кол салуулар болуп, эки күн-түнү ошол жерде алгачкы согуштук сыноодон өттүк.

Мен билгенден бул кармашуудан биздин ротадан бир жоокер жарадар болуп госпиталга жиберилген.  Кийин жараты айыгып ал жоокер кайрадан биздин катарда аскердик мидетин аягына чейин өтөдү. Ооган жергесиндеги айыл, кыштактарда тынч турмуш өткөрүп жаткан элге убак-убагы менен душмандар күтүүсүз кол салып турушкан. Ошондой учурда  биздин Аскерлер аларга жардамга жөнөйт элек. Мындай учурду биз “рейд” деп атачуубуз.  Бизге “Фарах” айылына бара жаткандагы 53 км.деги айылга түнкүсүн кол салуу болду деген кабар келди, “тревога” менен биздин рота да  кармашууга  жөнөдү.  Биздин ротадагы БМП(боевая машина пехоты) жолдо кетип жатып мина жардыруусуна кабылды, анын катарында кетип жаткан бир топ жөө аскерлерге анын  ичинен мага да минанын чачырандысы (осколкалары) тийип жараландык. Жарадар болгон бизди медсанбатка  алып келишти. Менин дарылануум он күнгө созулду, кайрадан жоокерлердин катарына сентябрь айынан келип кошулдум.

Мен ошол ротада жарым жылдай кызмат өтөсөм, бул убакытта согуш талаасына беш-алты жолу катышып, душмандар менен согуштук.

Кийин биздин ротадан 5 жоокерди Шындант Аскер аэропортун коргоого тандап алышты.      Шындант аэропортун коргоо милдетин бир жарым жылдай аткардым, негизинен күнү-түнү кайтарат элек. Аэропорт өтө маанилүү стратегиялык объект болгондуктан, аны коргоо абдан чоң жоопкерчиликти талап кылаар эле. Анткени, бул аэропортто бачым жардамга барууга даяр аскер учактары, “истребитель”дер жана ракеталар болот эле. Кандай учур жана кай жерде болбосун душмандардын курчоосунда  калган аскерлер менен жөнөкөй калкка өтө ыкчам  жардам беришет эле. Негизинен жүк ташып бара жаткан “колоннадагы”  автоунааларга күтүүсүздөн кол салуу болгондо, биз кайтарууга алган учактардын жардамы өтө чоң болот эле. Анткени, душмандар көпчүлүк учурда ушундай азык-түлүк, күйүүчү май, курал-жарак жана жоокер ташыган колонна автоунааларга кол салышчу. Ооган жергеси абдан ысык, таштуу болгондукан жоокерлер боткин, ич келте сыяктуу оорулар менен ооруп турушчу. Жайдын күнү жер бетинде арыктан аккан сууну жолуктуруу мүмкүн эмес эле. Себеби, күндүн ысыгынан суу бууланып, арыктан акпай калышчу. Жамгыр жааган мезгилде пайда болгон көлчүктөрдөн кездемени коюуп жоокерлер сууну ичип алып да ооруларга туш болушчу…

Ооган жергесинде кызмат өткөндөргө аскердик өргүүгө чыгууга уруксат жок болгондуктан, биздин взводдогу 5 жоокер эки жыл толук кызмат өтөп Мекенибизге кайтыш үчүн учак менен Ташкент шаарына келип түштүк. Эки жыл бою Аскер кызматын өтөп жүрүп, ушул акыркы бизди Мекенибизге алып келе жаткан учакка душмандар кол салбаса экен деген тилегибиз кудайдын кулагына жеткендей эле болду. Анткени, Мекенге кайтып жаткан аскер учактарын душмандар атып түшүргөн учур көп эле жолу болгон эле…

Болгону эки-үч саатка созулган учуу аралыгы биз үчүн эң кымбат, эң узак, эң кооптуу учур болгон…

Андан бери отуз үч жыл өтсө да, ошол күндөр, жараат алган, курман болгон катардагы жоокерлер жана душмандар менен салгылкашкан учурлар күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен Ташкенттен Андижан шаарына келип, андан өзүбүздүн Базар-Коргондун Кааба айылына, өзүмдүн киндик кан тамган жериме шашып келе жаттым. Өзүм жалдаган такси менен туура эле үйдү көздөй жөнөдүк,  жолдо бир тууган агам Байыш мени көрүп  таксини токтотту, мен эшигин ачып чыкканча сүйүнгөндөн  агам таксинин терезесине бой таштап кирип келип кучакташып калдык. Ал мага: “Аман эсен, тирүү келдиңби бир боорум, бир тууганым!”- деп жашып жатты.  Аңгыча үйгө да жетип келдик, жүрөгү сезгенби же күндө күткөнү келет дегенге үйгө батпай  жургөнбү, апам алдымдан балбалактап: “Айланайын амансыңбы, алты саның аманбы, көзүңдү тирүү көрсөм деп кудайдан зарлап сураганым келдиңби…!” – ж.б. сөздөрүн айтып кучактап, өпкүлөп, жалынып-жалбарып жатты. Биздин Ноокен районунан афган жергесине кеткен Орозалы деген жигит курман болуп, маркумдун сөөгү келгенде Орозалы экен деп апамдын айласы алты кеткенин айтып ый аралаш шолоктоп айтып да, мени аман алып келген кудайга ыраазы экенин билдирип да жатты…

Азыркы тынч жашоонун баасын, баркын жаштар  билип жүрсө деп,  согушту көрүп келген адам катары, тынч жашоонун баркын бийик көтөрүп келебиз. Ооган согушуна катышып келген көпчүлүк жигиттер турмуштан жана ден соолуктан мүчүлүштүк   алгандарын эске алып, туура мамиле жасап турса деген ойдомун. Биз, Ооган Ардагерлери жыл сайын тынчтыктын баркы, мекенчилдикке тарбиялоо боюнча мектептерде жолугушууларды өткөрөбүз, оңой оокатка кызыкпай, туура тарбияланса дейбиз. Бүгүнкү жашоонун көйгөйлөрүн чогуу чечип, эртеңки турмушубуз ишеничтүү, татыктуу адамдардын колунда  болушу керек  деген тилегим бар.

Даярдаган Мейманбү  АКЖОЛОВА