банда1

Лейлек районундагы Сумбула айыл округунун Андарак айылынын тургуну  Хоким Паччакаланов арыз менен кайрылган.

Ал 2014-жылдын 6-август күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы «Береке» базарынын жанынан агасы Паччакаланов Мухутту белгисиз азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы 3-4 бала белгисиз автоунаага күч колдонуп салып кетишкендигин билдирген.

Маалым болгондой, аны Жалал-Абад шаарына алып кетишип, агасын бошотуу үчүн 250 миң рубль акча опузалап, талап кылышкан жана 3-4 күндөн кийин белгисиз атуулдар Х.Паччакалановдон Ош шаарында жайгашкан «Айыл-Банк» аркылуу 250 000 рубль акча алышып, агасын кое беришкен.

Жогорудагы факт боюнча  кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну Ысманали Караев кармалган.

Дамира  Юсупова, Баткен облусу