Абдумалик

Абдымалик мырза сахна дүйнөсүнө жүргөнүнө 30 жылдын, өзү болсо эр ортону 50 жашты багынтып, күйөрман калкына концерт тартуулайм деп турган чагы. Концертинин алдында суроо салып, маек курдук.  

Сиздин популярдуулугуңуз артып турган мезгил кайсы жылдарга туш келди?

– Бардык нерсенин алгачкылары адамдын жан дүйнөсү менен жашайт. Маданият дүйнөсүндө жүргөн убакыт-саатым мен үчүн баалуу. Армиядан келгенден кийин  Москвадагы Щепкин атындагы Искусство институтуна тапшырып, ошол жерден чыгармачыл дүйнөнүн каалгасы ачылды. Кудайга шүгүр азыр деле жаман эмес, кудай деп кызмат кылып, күйөрман журтума ыр сунуп, эмгек кылуудамын. Бирок, жылдызым жанып, толкуп-ташып, күйөрман күтүп жылдыз болгон кез 1989-90-жылдары. Бул жылдар аралыгы менин жүрөгүмдө өзгөчө жылуу сезимдер менен кала берет. Адам карыткан ар бир саатыбыз, баскан жолубуз ар бир адам үчүн китеп сыяктуу эмеспи. Ал жылдар аралыгы СССР урап, эгемендиктин шаңы келип, айрым жарандар заман алмашуусуна бир ишенип- ишенбей турган учур эле.

– Эр ортону элүү жашты багынтып турасыз, элүүгө чыккандагы сезимдер кандай болот экен?

-Күлүп. Эми укумуш болот экен, сөз менен айтып бүтө албайт экенсиң.  Бул жылдар аралыгы турмушумда жакшы да, жаман да күндөр болду. Эң негизгиси баардыгына топук кылам.

Сиздин атыңызга жагымсыз сөздөр көп ээрчип жүрөт,  чынында эле сиздин чыгармачылык чөйрөдөгү жүзүңүзбү, сиз кандай ойдосуз?

– Эч кимге эч нерсе дебейм. Душмандарыма да күлүп, аларга жакшылык кылганды турмуш үйрөттү. Ырас, буга чейин мен жөнүндө, айрым гезиттер эмнени гана жазышкан жок. Тескерисинче, мен жөнүндө жазылган нерселер менен мен таанылдым. Баарына рахматымдан башка эч нерсе айтпайм. Баардыгын Кудай салмактап коет. Орчундуу жагдайларга гана басым жасабасам, айрым көрүнүштөргө көз жумуп коем.

Маегибизди үй-бүлөңүзгө бурсак?

-Мен ушундайча чечтим. Мындан тарта үй-бүлөм жөнүндө айтпайм. Себеби ал менин жеке үй-бүлөм, мен башкалардын үй-бүлөсүнө кызыкпайм.

Кыздарыңыздан кат-кабар алып турасызбы?

-Албетте, кабар алып турам.

Аялзатынын майрамына карата концерт берем деп турасыз, аялзатына кандай мүнөздөмө бересиз? 
-Алла Таала аларды океан кылып жараткан. Ошол үчүн Жаратканымдын амирине  тан берем. Ар бир мырза, аялзатын өз энеси аркылуу тааныса деп айтаар элем. Ырас, бул нерсе кээ бир адамдарга акылдуу сынган адамдын сөзү болушу мүмкүн. Бирок, алган жарыңды да өз апабызга салып сүрөттөп турмуш жолу башталган болсо баары жакшы болот.  Бул нерсеге динде дагы  белгиленет. Бардык нерсени Кудайым адамдарга ар кандай сыноо берет экен, көтөрө  билүү абзел. Жаздын күнүндө, жалпы айымдардын майрамынын урматына жакшы концерт тартуулап, күйөрман журтка эстетикалык, рухий жактан дагы таасир калтырчу концерт тартуулайбыз деп турабыз.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА