банда1

Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну 39 жаштагы, З.Б. аттуу атуул, ошол эле айылдын тургуну мурда киши өлтүрүү беренеси менен соттолгон, К.Дга классташы, азыркы мезгилде РФнын Красноярский шаарында иштеп жүргөн, Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну 39 жаштагы О.К.ны өлтүрүүгө буюртма берип, ага 150 миң сомго келишкен жана алдын ала сыйлык катары 5000 (беш миң сом акча бергени боюнча маалыматтын негизинде Баткен ОИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкерлеринин оперативдик ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында РФга кетүүгө даярданып жаткан К.Д.колго түшкөн. Азыркы учурда адам өлтүрүүгө буюртма берген Марказ айылынын тургуну 39 жаштагы З.Б.нын үстүнөн КРнын КЖКнын 28, 97-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайга киргизилген.

Дамира Юсупова, Баткен ОИИБы