кино

Башкортостан Республикасынын Кыргызстандагы Кино күндөрүнүн ачылышы 3-март күнү Кыргыз Республикасындагы Башкортостан Республикасынын маданият жана илим күндөрүнүн алкагында “Манас” кинотеатрында Башкортостан Республикасынын Кыргызстандагы Кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов, БР премьер-министринин орун басары С.Сагитов, БР Маданият министри А.Шафикова, КР Улуттук академиясынын академиги, режиссер Актан Арым Кубат, КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, “Башкортостан” киностудиясынын директору А.Хужакметов, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Г.Керимова, “Башкортостан” киностудиясынын кинооператору А.Сарваев катышат. Салтанаттын ачылышында КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов жана БР вице-премьер-министринин орун басары С.Сагитов сөз сүйлөшөт. Иш-чарада режиссер Айнур Аскаровдун “Пусть ветер унесет мои слова” аттуу 40 мүнөттүк тасмасы көрсөтүлөт. Кыскача мазмуну: Тасма оор сыноого кабылган эненин турмушу баяндалат. Чыгарма башкыр элинин эне каргышы жөнүндөгү байырмы миф-уламыштары менен үндөшүп кетет. Тасмада ачууга алдырып каргыш сөздөрүн айтып алган эненин кайрадан ал каргыштан балдарын аман алып калуу үчүн жан далбасы сүрөттөлөт.