БмиграБишкекте эртең, 18-декабрда мигранттын Күнүндө миграция боюнча Эл аралык уюм миссиясы БӨУдар, волентерлор жана студенттер менен бирге каза болгон кыргызстандык мигранттар эскерүү акциясын өткөрүшөт.

Миграция боюнча Эл аралык уюмдан маалымдашкандай, мигранттар Күнүнүн урааны «Мигранттардын өмүрүн сактоо менен» деп аталат. Анда бүткүл дүйнө боюнча миңдеген мигранттардын өлүмүнө байланышкан глобалдуу гуманитардык көйгөйгө көңүл бурулат.

Бишкекте бул күнү асманга ак жана кызыл түстөгү 650 шар учурулат. Ак түс кыргызстандык мигранттардын санын, ал эми кызыл шарлар 2013-2014-жылдары Мигарция боюнча эл аралык уюм тарабынан жардам көрсөтүлгөн адам сатуунун курмадыктарын символдоштурат.

КРнын ТИМнин расмий маалыматы боюнча, 2013-2014-жылдары чет мамлекеттен Кыргызстанга 404 адамдын денеси кайтарылган.

Уюмдан билдиришкендей, 2014-жылы бүт дүйнөдө мигранттардын өлүмүнүн жогору көрсөткүчү байкалган. Акыркы сандар 18-декабрда жарыяланат жана ал 5 миңге жакындайт. Бул 2013-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.