көк бөрү111-

Бүгүн, 4-мартта Көкбөрү боюнча  Талас районунун биринчи өтмө кубогу үчүн жыйынтыктоочу оюндары өтүүдө. Бул тууралуу мелдештин демөөрчүсү, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Байгазы Кенжебаев билдирген. Анын айтымында, кубок үчүн 13 команда жыл бою айлампа тартибинде ойношкон. Ар бир оюндун жыйынтыгына жараша командалар упай топтоп келишкен.Жыйынтыктоочу беттешүүлөр “Манас Ордо” комплексинде өтмөкчү.

Кубок  50 миң сомго Италияга буюртма менен жасалганы айтылууда. Ал жыл сайын жеңүүчү болгон командага өткөрүлүп турат. Ал эми алдыңкы үч орунга ээ болгон командаларга акчалай 100 миң сом өлчөмүндө байге бөлүнүп берилет. Ошону менен катар, Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук китеби, спорттук энциклопедия өңдүү кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарыларын фейсбук баракчасына жазып чыгышты.

Айзада Дүйшөнбаева