Жумгалдан

Айтылуу Жумгал районундагы, тоо этектеген, Таш-Дөбө деген айылда мал-жандуу сууга мол кадимки Түгөл атанын чоң суунун боюнда жайгашкан айылда туулуп өскөн Молдобеков Дөөлөтбай Жогорку Советтин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон. Зоболосу бийик өтө эмгекчил инсан. 1942-жылы Молдобеков колхозчулардын жалпы чогулушу тарабынан Таш-Дөбө айыл чарба артелинин председателдигине шайланган. 1950-жылдан тартып Совет колхозуна (азыркы Кызарт совхозу) председатели болуп иштейт. Молдобеков Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиуму тарабынан Ардак грамота жана 1941-1945-жылдарда “Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Карыя айылдаш адамдардын айтымында Адел колхоз уюшулганда ортолоштуруу жүрүп, тоо тоонун арасындагы коктуларда конуш алган элди бир жерге турукташтыруу жүрүп жаткан эле. 1924-жылы Таш-Дөбө айлына, андагы Пишпектен бир шапке кийген орус, шыпылдаган тилмеч бала келип, алкымдагы Муратбектин калың багына жыйналыш өткөргөн экен. Ал кишилерди Пишпекке байма-бай каттап, жаңыдан түптөлүп келе жаткан зор окуялардан кабардар болгон, кадимки Малаке баатыр борбордон волшевиктер партиясына мүчө болуп өтүп, ээрчитип барган экен. Кызыгы ошол орус киши жинсы шым кийип барганбы, “баягы кам көчүп келгедеги” деген сөздөр айтылып, кээ бирлери “Иваницын деген орус революционери экен” деген сөздөр айтылып жүрдү. Ошол чогулушта социалдык абалын терең карап, Абдыкадыр, Акмат, Сарымсак баштаган бир тобун ВКП(б)га мүчөлүккө кабыл алып, партиялык уюм түзүп, ал эми жаш жеткинчектер Дөөлөтбай, Кадыркул, Мойнок, Осмон, Кадыралы, Таштемирлерди комсомолго мүчө кылып, уюм түзүп кетет.

Согуштун каардуу күндөрүн башынан өткөрүп, жаткан элдин оор турмушун көрүп, тегиз көз салып, саан берип, райондун борбору Чаекке эки жерге элди тамак-аш менен камсыз кылуу максатын көздөп, Турсунбай, Абдылда деген адамдардын короосуна жайкысын кымыз айран, сүзмө, эжигей, кышкысын нан жаптырып, жарма жасатып саттырып, элди ачарчылыктан сактап турган.

Таш-Дөбө айылы кара топурактуу, суусу кенен болгондуктан, кыштата соко кошулчу, аттарды семиртип кармап кеминде андан кем эмес соко чыгарып, жер айдоону эрте бүтүрүп, тоодогу Кең-Суу, Кашка-Суу, Кош-Булак, Кыркуу участкаларына арпа, беде айдап малга тоютту кенен камдап, түшүмдүүлүк боюнча, жогору жетишкендиктен чарбада сорттуу үрөн камдап турган жана Кабан, Суусамыр, Сарыкамыш айылдары ушул чарбадан алып турушуптур. Жайлоого чыкчы Көк-Мойнок деген белди араба жана трактор өтө турган жол салдырган. Согуштун оор күндөрүндө азык-түлүк, жылуу кийим жөнөтүлүп турган.

Элдин социалдык абалын оңдоого чоң салым кошуп, айылга чакан мончо, акиташ бышыруучу жай салынган дешет. Ошол айылга эгин топтоочу кампа салдырган эле. Молдобеков курулуш материалдарын тилдирүү үчүн Кара-Кечеде даярданып, аны ат араба менен ташып алдырып келип, жети жылдык мектеп курдурат. Жалаң колхозчулардын күчү менен курулуп, кече жетимишинчи жылы жаңы мектеп курулушуна кызмат кылды. Айылдагы элдин жашоосуна ар убак көз салып, үйлөр короолору аппак болуп акталып, короолордун акталган беттерине партиялык шыктандыруучу ураандары илинип турар эле. Өлкөгө жеңиш кубанычы менен мына ушундай күжүрмөн эмгеги бааланып, Дөөлөтбайдын өмүрүнө кубаныч алып келген, жогоруда айтып кеткен Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына үч жолу көрсөтүлгөндүгүндө.

Мына ошол жылдардагы бир окуяны эске салып кетели. Бөлөк чарбада башкарма болуп жүргөн маркум Караев Шейшенбек мындай эскерип айтып калаар эле. 1952-жылдын кышы Жумгалда узакка созулган жут болуп, мал көп чыгымга учурап, районго ЦКанын биринчи секретары И.Раззаков жана обкомдун биринчи секретары келип, бюро жана актив болуп титиребеген жетекчи калган эмес. Коркуп олтурат элек, бир убакта эле коңурук чыгып калды. Коркуп олтуруп эч жакты карасам, Дөөлөтбай биринчи катара олтуруп, бутту сунуп уктап калыптыр. Чындыгында көкүрөгүндө депутаттык значогу бар жетекчинин жоругу озол эле.

Бирок Раззаков тынымга токтоп, Иманалиев райком Исабаев менен сүйлөшүп калды. Көрсө, алардан маалымат алса керек. Анткени Таш-Дөбө колхозунда анчалык чыгым жок, көрсөткүчтөрү дагы жакшы болчу. Ошондо Раззаков – “Ортоктор мына түн тыным албай иштеген башкарма экени көрүнүп турат. Ойготпогула”, – десе болобу. Чындыгында Дөөлөтбай тынымсыз иштеген, жаз, жай, күздө болобу, эртең менен эл тургуча талааны бир сыйра кыдырып келип, күзүндө кырманга жатып, кышында сокого байланган аттарды өзү текшерип, анан ошого карата чара колдончу экен. Экинчи дагы бир окуяны эскертип ошол киши айтчы эле.

Бул киши жөнүндө эски адамдар айтып олтурса сөз арбын. Бирок ушул чарбада беш жыл чукул иштеп, чарба алдыңкы орунга чыгып, өсүп-өнүгүү жолунда турган мезгилде Тянь-Шань обкомунун биринчи секретары Исаевдин планды ашык аткарууга карата көргөзмө берилип, кошуп жазуу жөнүндө көрсөтмө кийин билинип калып обкомдун биринчи секретары баш болуп, бардык райондун чарба жетекчилери катуу жаза алып, кызматтарынан бошотулганда кайран киши, “бул иштен мен дагы куру калган эмесмин” деп арызын жазып берип бошоп кетет.

Өз айлына келгенде ферма башчы болуп иштейт. Андан кийин мына бийлик беш энеге жазылган эмес деп болбой, ферма башчысын өткөрүп берип, жөнөкөй эле жылкычылыкты бергиле деп ошол түйшүктүү иш менен, өкмөт менен партиянын, элдин алдында абийиримди сактайын деп жылкычы болуп жүрүп 73 жашында көзү өтүп кетти.

Ойго келесиң, бүгүнкү күндө убагында бийликте туруп, алдым-жуттумдугунан кызматтан алынып, бирок баягы эле бийлик-байлык эсинен кетпей, дароо оппозициянын таза эмес булганыч жолуна түшүп, негизсиз дооматтарды өкмөткө коюп, абийирин ага-тууган, дос тамыр, акчага алдангандарды пикетке алып чыгып жаткан эр азаматтар элди оор турмуштан бүгүнкү күнгө жеткирген эрендерибиздин эмгегинен кабары болбогондугубу деп “Өмүр бизден  өтүп кетсе, эл эмгектен эскерин” деп Аалы Токомбаев эскерткендей, Дөөлөтбай сыяктуу элге зор эмгек өтөгөн адамдар ушул учурдагы жолдошторго сабак болсо деген ниетте эскерүүгө туура келип олтурат.

Сабырбек АКМАТОВ, Эмгектин ардагери, Жумгал району, ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары

Абылабек БЕРДИКЕЕВ, Кыргызстандагы аксакалдар кеңешинин мүчөсү

Нарын облусу