жылуулук1Белгилүү болгондой, абоненттер жылуулукка үйүндө канча адам каттоодо турганына карата төлөшчү. Мындан ары андай болбойт. 1-декабрдан баштап жаңы эрежеге өтө турган болдук.

Тактап айтканда, мурдагыдай адамдардын үйдөгү катталуусунун санына жараша эмес ошол имараттын аянтына карата төлөмдөр жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Жылуулук-энергетикалык департаментинин директору Нурбек Элебаев 14-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эски система коррупцияга жол коюп келген. ”Маселен, бир үйдө 5 адам каттоодо турган болсо аны 3 адам турат деп жаздырып коюшкан учурлар кездешкен.Эми мындан ары андайга жол берилбейт. Себеби, биз жаңы эреже иштеп чыктык. Ага карата үйдүн аянтына жараша төлөмдөр жүргүзүлмөкчү”,-дейт Н.Элебаев. Жаңы эрежеге ылайык төлөмдөрдүн минималдуу чеги 917 сомдон баштап жүргүзүлө баштайт. Бул норманы коомчулукка алып чыгып, талкуулоо башталды. Ал жумуштар 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Андан ары Өкмөттүн кароосуна чыгарылмакчы. Ошентип, айдын этегинде тиешелүү чечим кабыл алынса, 1-декабрдан баштап абоненттер жаңы эреже менен төлөй башташат.

Журналисттер муну менен эле чектелишкен жок. Электр энергияга болгон жаңы тарифтердин так баасы качан аныктала турганына да кызыгышты. Буга карата Нурбек Элебаев: ”Өзүңөр билгендей, жаңы тарифтердин баасы аныкталган. Азыр Жамбул ГРЭСи менен келишим түзүү үстүндө иштеп жатабыз. Бул келишимдин негизинде так баалар аныкталат. Бирок, учурда акчанын куну туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу ар бир айдын алдында электр энергияга болгон баалар так аныкталып турмакчы. Ошонун негизинде төлөмдөр жүргүзүлөт”,-деп жооп берди.

 Азизбек Чамашев