ниязалиева11

Бүгүн, 24-ноябрда депутаттар Дамира Ниязалиева менен Надира Нарматова Ошто“Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча коомдук угуу өткөрдү. Ниязалиева 2010-жылы бул мыйзамга мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында тукум улоого жарамдуу төрөт курагындагы аялдардын басымдуу бөлүгүнүн ден соолугунун начардыгы жана өлүмүнүн башкы себеби экени белгилүү болгонун билдирди.

“Кош бойлуулукка, төрөткө организмди даярдоо жана боюнда бар учурда медициналык кароодо болушу керектиги жөнүндө биздин аялдарда маалыматы аз болгондугунан улам төрөттүн 50 пайызы патология менен өтөт. Азыр 15-17 жаштагы кыздардын төрөшү көбөйүүдө. Жыл сайын өспүрүмдөрдүн арасында 1300 аборт катталат. Мисалы, 14 жаштан кичүү кыздардын арасында эки жүздөн ашуун аборт катталган. Ал эми катталбаган аборттордун саны канча экенин эч ким айта албайт,– дейт депутат.

Андан сырткары Ниязалиева аборттун кесепетинен канчалаган кыздарыбыздын тагдыры бузулуп, канчалары төрөбөй калып жатканын айтты. Мындай трагедиялуу көрүнүштү токтотуш үчүн алдын алуу иш-чарасын көрүп, туура маалымат менен камсыз кылышыбыз абзел. Зордуктасаң кесилип кетесиң, бойдон алдырсаң төрөбөй каласың деп, гинекологиялык тазалыкты тутуу, баш аламан жыныстык катнашка баруудан сактануу сыяктуу анатомо-физиологиялык коопсуздук маселелерин түшүндүрүү кажет, – деп кошумчалады ал.

Булак: super.kg