Өткөн 7-ноябрь басма сөз жана маалымат күнүнө карата редакциябызга айрым журналисттерди чакырып, ушак-айың жана чала сабат жазган журналисттер, аларды тарбиялоонун жолдору жөнүндө сүйлөшүп, ойлорубузду ортого салдык. Журналисттер өлкөдө күрөө тамыр катары бийлик менен элдин ортосунда көпүрөлүк милдетти аркалап келишет эмеспи. Ошол себептүү биз дагы алгачкы пайда болгон ММКнын 90 жашка чыккан даталуу күнүндө тегерек стол уюштурдук. Маселени талкуулоо үчүн тегерек столубузга – “Де факто” гезитинин башкы редактору Жакшылык Бердибек уулу, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары Мырзакат Тыналиев жана “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысы Рахат Саламатовалар келишти.

С.Максутова:

–Маселенин күрөө тамыры болуп турган акты каралоо, караны актоо терс көрүнүштөрү жөнүндө сөз кылсак деп сиздерди чакырдык. Ушак-айың жазган журналисттердин кыргыз журналистикасында алган орду канчалык? Балким алардын такталбаган ушак маалыматтары же жеңил-желпи материалдары окурмандарды өзүнө тартып жаткандыр? Алардын мындай аракети жалпы кыргыз журналистикасына көө сыйпап жаткан жокпу?

Мырзакат Тыналиев:

– Журналистика турушу менен эле бизнес болуп жатат. Журналистика бизнесиндеги алтын эреже – суроо-талап. Бирок бул базардагы товар эмес. Эгер базардагы товар болсо рыноктун мыйзамы туура келет. Биздин товар болсо – окурмандардын, көрөрмандардын, угармандардын суроо-талабын канааттандырып, экинчи жагынан идеологиялык, тарбиялык жүктү да көтөрөт. Азыркы учурда идеологиялык, тарбиялык жүгү басаңдап, суроо-талап рыногу басымдуу болуп кетти. Ошон үчүн азыркыдай кырдаал пайда болду.

Сымбат Максутова: – Суроо-талап рыногу менен гана иштеп калган журналисттер канча пайызды түзөт?

Мырзакат Тыналиев:

– Аны атайын иликтеп чыгыш керек. Бирок көбүнчөсү бирөөнүн айтканы, заказ бергени менен иштеп калышты. Орус тилдүү ММК (орус улутундагылар эле эмес) да кыргыз тилдүү журналистика ушакка түшүп, деңгээли төмөн түшүп кетти деп жаза башташты.

Жакшылык Бердибек уулу:

– Кыргыз журналистикасынын атын булгап жаткан журналисттер бар, бирок абдан булгап жаткандары да бар. Материалды коммерциялык негизде жалаң акчага жазгандар бар, алар коомго кандай зыян кылып жатканын билишет. Андан да жаманы – коомду талкалап түшөбү, окурмандардын ой-пикирин бузабы, эчтекеге карабай, бир гана акчага сатылгандар бар. Чынчыл, мамлекеттин тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн күйүп-бышкан, келечекти ойлогон патриот журналисттер да бар. Эгер буларды экиге бөлсөк – ушак-айыңга көбүрөөк берилип, коомду булгап жаткандар басымдуураак.

Сымбат Максутова: – силер коомду чириткен, аң-сезимге тескери маалымат берген журналисттер үчүн кандайдыр бир иш-чара жүргүзүп жатасыңарбы?

Жакшылык Бердибек уулу:

– Марат Токоев жетектеген “Журналисттер” коомдук бирикмесинин астында “Жаш журналисттер” кыймылын түздүк. Ага 25-35 жаштардагы жаш журналисттер мүчө болуп кирип, журналистикадагы оң, терс маселелерди сүйлөшүп, пикирлерди эркин билдирип жатабыз. Ушул эки бирикменин алдында “Устат-шакирт” долбоорун жазып чыктык.

Сымбат Максутова:

– Кыргызстандын имиджин түшүрүп, беделине доо кетирип, акча үчүн гана иштеген журналисттер бар деп жатпайсыздарбы. Алардын ким экенин аныктап чыктыңарбы?

Жакшылык Бердибек уулу:

– Кыймылды түзгөнүбүзгө бир жылдай болуп калды. Өлкөнүн беделине шек келтирип, кимдир-бирөөлөрдү ушактап жазып жаткан журналисттерди иликтеп, кайда иштээрин, эмне максат менен жазып жатканын тактап, атын аныктоого, ачыктоого аракет кылдык. Мисалы, 3-майда, эл аралык журналистика күнүнө карата “Антиөрдөк” акциясын өткөрдүк. “Жаш журналисттер” кыймылынын тең төрагасы болуп мен жана Уланбек Эгизбаев экөөбүз ушундай иш-чараларды уюштуруп жүрүп, журналистиканын атын булгап жаткан журналисттерге абдан жини келген журналисттер бар экенин билдик.

Мырзакат Тыналиев:

– Бирөөнүн баскан-турганын айтаардан мурун ага юридикалык жана коомдук баа бериш керек. Жакшылыктын айтып жатканы коомдук баа. ММК, анда иштеген журналисттер көптөй сезилгени менен салыштыра келгенде чакан элбиз. Чакан болгондуктан анын ичинде болуп жаткан кемчиликтер болсо баарына бирдей тиет. Журналисттин баары сатылган, ушакчы, бирөөнүн турмушуна кийлигишкенден башканы жаза албайт деген сынга кабылабыз. Жакшылыктардын аракеттери абдан туура, алар качан максатына жетет, аны убакыт көрсөтөт.

Рахат Саламатова:

– Журналисттер өзү жазгандан сырткары окурмандардын суроо-талаптарын да жазышат. Кайсы газета көп нускада чыгып жатса, демек окурмандын суроо-талабы ошол, деңгээли да ошондой. Журналист коомдук пикирди жаратуучу катары билим деңгээли канчалык жогору болсо окурмандарды тескери жолго үндөбөйт. Бир жолу конференцияга барсам, мен жалгыз гана кыргыз тилдүү, калгандары орус тилдүү журналисттер экен. Мен маалыматты алып эле сайтка сала баштасам, алар келип “баарыбыз бирдей жөнөтөлү” деп калышты. Анан “сен кайсы тилдеги журналистсиң?” дешти. Мен “кыргыз тилдүүмүн” десем, “анда жөнөтө бер, силер конкурент боло албайсыңар” дешти. Ошондон улам алар кыргыз тилдүү журналисттерди ушак-айыңга жакын, тактап жаза билбеген адамдардай көрөөрүн байкадым. Андан кийин “булар чын эле басынтып жатышабы деп алардын кыргыз тилдүү журналисттерге болгон мамилесин иликтей баштадым. Социалдык тармактардан байкасам, чындап эле кыргыз тилдүү журналисттер сатылган, бирөөнүн заказы менен иштешет деген пикирлер бар экен. Кийин дагы чыныгы маалыматты ала турган жерлерге кыргыз тилдүүлөргө караганда орус тилдүү ММК көбүрөөк барып, так бергенге аракеттенишээрин байкадым. Кыргыз тилдүүлөр атайын барбайбы же алардын кызыкчылыгы башкадабы, билбейм. Ал эми газеталарды алсак, мамлекеттик гезиттердин журналисттери чыныгы кесипкөйлөр, ал эми жеке менчикте иштегендер саясий көз карашта болуп, заказды аткарып жаткандары байкалып калууда. Ушундан кийин намыстанып, Жакшылыктар айткан “Устат-шакирт” долбооруна координатор катары кирип, кыргыз журналистикасын көтөрүү керек экенин түшүндүм. Улуу муундагы белгилүү журналисттердин билим деңгээлин жаш журналисттер алып калсын, туура багытта кетишсин деген максатта бул долбоорду иштетип жатабыз.

Сымбат Максутова:

– Мен журналист катары өз оюмду да кошкум келип турат. Жалпысынан алганда кыргыз журналистикасынын алган орду жана ролу абдан эбегейсиз. Коңшу өлкөлөргө караганда Кыргызстан журналисттеринин баркы да бийик, эркин дагы. Кыргыз тилдүү журналисттер орус тилдүү журналисттерден маалыматты оперативдүү берүү, сабаттуулук жагынан алдыда турат. Муну орус тилдүү журналисттер өздөрү да айтышат. Мисалы, Лариса Ли экономика жаатында абдан мыкты жазат, “Вечерний Бишкектин” редакторунун орун басары Александр Тузов, “Франс пресстин” кабарчысы Толкун Наматбаева, КТРКнын кабарчысы Ирина Тарасова сыяктуу бир топ журналисттер кыргыз тилдүү басылмаларды дайыма окуп турушаарын, түшүнбөсө котортуп окушаарын айтышат. Ошондуктан, кыргыз тилдүүлөрдү басынтып, пессимисттик ойго жетеленүүнүн кереги жок. Интернет сайттарда тездик биринчи орунга чыгып, каталар абдан көп кетет. Журналистика төрт – интернет, теле, радио, газета багытында иштеп жатпайбы, ошонун ичинен газетаны мен биринчи орунга коет элем. Биринчи болуп маалымат катары 1924-жылдын 7-ноябрында газета чыкты, ошондон бери кылым жашаса да газета өзүнүн актуалдуулугун, ал тургай маалымат берүү каражаты катары биринчилигин жоготпой келатат. Интернет сайттар газетадагы маалыматтарды элге жеткирүү үчүн ачылышты. Ушуну менен интернет чыкты, мен гезит окубайм дегендер жаңылышты. Элинин баары интернет менен камсыз болгон Япония, Америкада деле гезиттер чыгып, өтө барктуу болуп турбайбы. Анткени, газета жатып алып же самолетто учуп баратып окуйсуңбу, абдан ыңгайлуу да.

Мырзакат Тыналиев:

– Бул эми Сымбаттын оптимисттик ою. Мен бул ойго кошула албайм. Сөз эркиндигинен Кыргызстан чынында алдыда турат. Биздин сөз кылып жатканыбыз журналистиканын сапаты, сабаттуулугу. Университеттердин көбү журналистика факультеттерин ачып, журналисттерди даярдап жатышат. Бирок аны окутуп жаткан окутуучунун да, окуп чыккан студенттин да деңгээли төмөн, жазганды билбейт. Советтик журналистиканын мектебинен өткөн киши катары айтайын, журналисттер тынбай окуп, жаман-жакшыга аралашып, пресс-конференцияларга катышып турушу керек. Заман кескин өзгөрүүдө, демек ошого жооп бериш керек. Өткөндө Өнүктүрүү саясат институту тренинг өткөрсө кыргыз тилдүү журналисттерден менден бөлөк бирөө да барган жок. “Супер инфо” гезитинен бирөөнү чакырсам “экономиканы жазбайбыз, катыша албайбыз” деп коюшту. Ушинтип, үйрөнгүсү келбеген чала сабат журналисттер кантип анан мыкты материал жазсын, алар ушакты жазат да. Чоң темаларга тиши өтпөйт.

Жакшылык Бердибек уулу:

– “Жаш журналисттер” кыймылына мүчө журналисттердин баары ак каргабыз, калгандары кара деп айта албайм. Мен го туура, так жазганга аракет кылам, бирок баары эле антпей жатпайбы. Мага бирөө чалып: “биз акчага сатылып жатабыз, үй-бүлөнү багыш керек, антпесек жашаш кыйын” деди. Заманга байланыштуу болгону менен бирок биз баары бир ушакчылыкка каршы турушубуз керек.

(Башталышы 8-бетте)

 

Бузуку журналисттер бандиттердин акчаларына марып, үй, машина алышып, өзүнөн кичүү журналисттерге “баарын акча чечет, силер деле ушинткиле, баары бир чындык жок” деп үйрөтүп жатышат. Мага деле ушинтип айтышкан. Биз буларга каршы турабыз, анткени алар өз пикирлештерин көбөйтсө, коомго коркунуч туулат.

Мырзакат Тыналиев:

– Мамлекет акча бербегенден кийин рынок заманында жашап кетүү кыйын. Угарман, көрөрман, окурман сураган продукцияны беришибиз керек. Басылмалар этиканы сактап, жарнаманы жарнамадай, акча төлөнгөн материалды пиар-бизнес деген белгиси менен берсе окурман да акча төлөнгөн экен деп түшүнөт. Бизде, тескерисинче акча төлөнгөн материалды дагы чындык материалдай кылып жазат. Мисалы, акыркы кездерде Алмамбет Анапияевди мактаган материалдар көп чыга баштады. Ал криминалдык авторитет да. Кокус жаза тайып, ошол журналисттер криминалдык чөйрөгө аралашып калса, анан түшүнмөк. Мына эгемендик жылдардын башында динге эркиндик берип койду эле, ар кимиси ар түрдүү динге ишенип кирип кетип, коркунуч пайда болду. Кыргыз журналистикасында дал ушундай коркунуч турат.

Рахат Саламатова:

– Журналисттердин айлыгы аз, айла жок заказ алып иштегенге туура келет. Бирөөлөрдү мактап-жактаган журналисттерге эл көбүрөөк ишенээрин айтышты. Өз атын тобокелдикке салып, журналист акча үчүн элге жакпаган бирөөнү абдан мактап, жакшы жактарын ачканга аракет кылат. Окурман ага сөзсүз ишенет. Ошондуктан саясатчылар, бизнесмендер, криминалга аралашкандар журналисттерди пайдаланууга аракеттенишет. Мен студент кезимде агайым айткан: “алгач журналист атын чыгаруу үчүн чуркайт, кийин аты журналистке чуркайт” деп. Кийин ойлосом туура экен. Менин атамдын аты жана өз атым ак бойдон калышы үчүн бирөөлөрдүн кир акчасына азгырылбай, туура, калыс жаза турган жолду тандадым. Эгер акчадан кыйналып баратсам, анда башка кесипке да ыктайм. Кесипкөй журналист бирөөнүн акчасына зар болуп заказ албай, мыкты иштесе кийин анын айлыгы да, гонорары да көбөйүп, өзүн, үй-бүлөсүн жакшы багат экен. Аты таптаза улуу муундагы ага-эжелерди көрүп жүрөм, өз замандаш журналисттериме да коомго зыян келтирбей, өз атын булгабай татыктуу иштешсе деп айтаар элем.

Сымбат Максутова:

– Чала сабат, ушак-айың жазган журналисттердин бар экенин билдик. Эми буларды кантип тарбиялайбыз? Кандай кылсак болот?

Мырзакат Тыналиев:

– Буларды биз атаандаштык менен жеңишибиз керек. Мыйзам түрүндө чектесек, тескери натыйжасын берет. Муну административдик же күчкө салып тыюуга болбойт. Биз сыяктуу караны, акты ажырата билген, туура маалымат берген журналисттер көбөйүп, аудиторияны – көрөрман, угармандарды тарбиялап алсак, натыйжа чыгат. Бирок, азырынча ага жетише албай жатабыз. Сымбаттын бир жерине кошула албайм, негативдүү стереотип пайда болуп калган өкмөттүк гезиттер чындыкты жаза албайт, булар кошоматчы, бийликтин көзүн гана карайт деген көз караш бар. Аны жоюш үчүн өкмөттүк гезитте иштегендер коркпой, сапаттуу иштешибиз керек. Жаш журналисттерге кошкон салымыбыз ошол болмок.

Сымбат Максутова:

– Мырзакат байке сындап, кемчилигин чукуп, уяткарып тарбиялаш керек деп жатат. Мен болсо сенин эмгегиң бар, оюң бийик, анча-мынча респонденттерден корреспондент катары тажрыйбаң мол, билимиң бийик, улуу муундагы журналисттерден үйрөн деп тарбиялап алууга ыктамакмын.

Жакшылык Бердибек уулу:

– Аша чаап кеткендерге ММК аркылуу эле эмес, кезигип да оозмо-ооз айтып тартипке чакырып турушубуз керек. Мен журналист болсом дагы жалган маалыматты атайылап таратууга каршы мыйзам долбоорун колдойм.

Мырзакат Тыналиев:

– Кыргыздар оңойлук менен бир пикирге келише албаган калк. Анысы аз келгенсип канча түрдүү диндерге кирип алышты. Эки дин карама-каршылыкка барса, эки кыргыз да өз дини менен каршылашып чыгат, ал тургай бири-бирин өлтүрөт.

Рахат Саламатова:

– Мен Сымбат эженин позитивдүү ойлоруна кошулам. Бирөөнү жамансың, заказ менен иштейсиң, элден чыккан бузукусуң деп тилдеген сайын ого бетер криминал менен байланышып кетиши мүмкүн. Ошондуктан аны мактап, туура багытка салса, дээринде болсо оңолот деп ойлойм. Ал эми Мырзакат байке айткандай, чынында журналистикада атаандаштык керек. Улуу муундагы кесипкөй, объективдүү жазган журналисттер көп болсо, кичүү муун сөзсүз алардан үлгү алат.

 Тегерек столду уюштурган

Сымбат Максутова