диль1

25-февралда КР Транспорт жана коммуникация министрлигинде 2014-жылы аткарылган иштер жана 2015-жылга карата түзүлгөн план боюнча жыйын болуп өттү. Ага КР вице-премьер-министри Валерий Диль катышты. Анын алдында министрликте ачылган видео-көзөмөл борборунун ачылышы болду. Белгилүү болгондой Бишкек-Ош автожолунун Сосновка постуна видео-камера коюлган. Ошол жерге дагы жаңы 2 жол тилкеси кошулуп, 4 тилке болуп калды. Буга байланыштуу 2 кассага дагы 2 касса кошулду. Бул автоунаалардын жүрүшүн жеңилдетет. Ал эми видео-камераларга түшкөн маалыматтар 20 күнгө чейин сакталат. Ошондой эле Сосновка постунда эмне кыймыл болуп жатса, анын бардыгы министрликтин видео-көзөмөл борборунан да көрүнүп турат.

Төө-Ашуу туннелине да 30  камера коюлган. Кандайдыр бир жол кырсыгы болуп калса, аны батыраак четтеткенге шарт түзүлдү. Андан сырткары, жалпы Бишкек-Ош жолу ЖПС системасына жайгаштырылды. Мындан ары жолдо жүргөн автоунааларды кылдат байкап турганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Азизбек Чамашев