А Жээнбеков и эксперт

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрда «Демократия боюнча өнөктөш» статусунун алкагында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргыз Республикасы боюнча эксперт-баяндамачысы Тинатин Хидашелини кабыл алды.

Бул жолугушууда тараптар ЕКПАнын «Демократия боюнча өнөктөш» статусунун алкагында кызматташуунун келечеги, Кыргызстандын демократия жаатындагы жетишкендиктери жана өлкөнү мындан ары өнүктүрүүнүн планын талкуулашты.

2014-жылдын апрелинде кыргыз парламентинин «Демократия боюнча өнөктөш» статусун алганы өтө маанилүү экенин белгилеген Төрага А.Жээнбеков бул ЕКПАнын Борбор Азия аймагында ишенимдүү өнөктөшү бардыгын жана Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле сот системасын реформалоодогу кыйынчылыктар, байкоочу органды жана укук коргоо органдарын реформалоо зарылдыгы тууралуу маалымат берди.

Сөзүн андан ары улаган А.Жээнбеков 2015-жылы парламенттик шайлоону акыйкат, таза, атаандаштык негизде өткөрүү максатында шайлоо системасын жакшыртуу жаатындагы көрүлүп жаткан чараларга басым жасап,. «Кыргызстан калкы 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоону таза, акыйкат, демократиялык принциптерге туура келгендей өтүшүн күтүп жатат. Бул ЕКПА менен өнөктөштүктөгү негизги шарттардын бири болуп эсептелет», – деди Төрага. Ошондой эле Кыргызстандагы жаңы саясый системадагы жетишкендиктерге учкай токтолду.

Өз кезегинде эксперт Т.Хидашели Кыргызстандын парламенттик делегациясынын ЕКПА жыйынына «Демократия боюнча өнөктөш» катары активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргеликте координация кылуу, Кыргызстан бийлигинин көңүлүн буруу маселелерине учкай токтолду.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүктүрүү жаатында, адам укугун коргоо жаатындагы мыйзамдуулукту жакшыртуу, жарандык сектордун ишмердүүлүгүнүн тегерегинде пикир алышты. Тараптар Кыргызстандагы көз карандысыз жана активдүү жарандык секторду канааттануу менен белгилеп, анын негизинде өлкө демократияны өнүктүрүү аркылуу алдыга жылаарын кошумчалашты. «Активдүү жарандык сектор – биздин сыймыктанчу жетишкендигибиз», – деди Төрага А.Жээнбеков сөзүнүн аягында.