салижан

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профессор Салижан Жигитов атындагы  адабий  сыйлыгын белгилөө  жөнүндө маселе каралып, жактырылды. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Депутат Каныбек Осмоналиев белгилүү жазуучу-акын, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитовдун кыргыз улуттук адабиятына жана адабий таануусуна зор салым кошкондугун баса белгилеп, адабият айдыңындагы кийинки жаштарга стимул берүү жана кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында мындай сыйлык уюштуруу демилгеленип жаткандыгын билдирди.

Демилге комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Жыйында каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин академик Мирсаид Миррахимов атындагы медицина боюнча сыйлыгын уюштуруу маселеси да жактырылып, парламенттин кароосуна сунушталды. Демилгечи депутат Ташполот Балтабаевдин айтымында, мындай сыйлыктын уюштурулушу жаш илимпоздорго дем-күч болот деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.