пар2- пар- пар1-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Мамытбай Салымбеков, Майрамгүл Тиленчиева бүгүн, 4-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  маалымдады.

Жолугушууда аталган райондун айыл чарба, калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууга алынды.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары сугат айдоо жерлерин көбөйтүү үчүн каналдардын курулушу башкы көйгөй болуп жаткандыгын маалымдашты. Айтымында, жергиликтүү тургундар мал жандыктары үчүн чөп-чар, тоют сатып алууга көп каражат сарптоодо, себеби мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө сугат суусунун жетишсиздиги кендирди кесип келет.

Өз кезегинде депутат М.Салымбеков канал куруу долбоорунун техникалык экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгууга жеке эсебинен каражат бөлүп берерин билдирди.

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Ат-Башы району боюнча айыл чарба багытында жүргүзүп жаткан иштери тууралуу учкай маалымат берди. Министр жергиликтүү кеңеш депутаттарын райондун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерин берүүсүн өтүнүп, алар дыкат карала тургандыгын белгиледи. “Биз жакын арада сиздердин районго барууну пландаштырып жатабыз, балким, айрым маселелер жеринде чечилет”,- дейт министр.