Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусундагы Тоӊ жана Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери, табигый кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү тургундардын абалы, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу маалымат угулду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековичтин берген маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кажы-Сай айылында болуп, анын күчү 7 баллга жеткен. Жергиликтүү калктын турак-жайларына 35 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, азыр социалдык объектилерге келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. Жалпы зыян азырынча 42 млн сомду түздү. Иликтөө иштери улантылууда.

Өлкө аймактарынан табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам катары 5 млн сомдук кайрымдуулук жардамы жөнөтүлдү. Андан тышкары, КР өкмөтү тарабынан 50 млн сом акча каражаты каралды. Ал жакында келтирилген зыяндын өлчөмүнө жараша таркатылып бериле баштайт.

Булак : Баракелде