сот1

Бүгүн, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Н. Конгайтиев, Р. Нурматов жана М. Орозбеков жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуштары боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

– Талас облусунун Талас шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Конгайтиев Анарбек Шайылдаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

– Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Нурматов Раимжан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

– Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Орозбеков Муратбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.