Чүй облусунун Жайыл районунда мушташ учурунда башка бирөөнү токмоктоп, анын өлүмүнө себепкер болгон шектүү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 23-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-октябрда милицияга аймактык ооруканадан чакыруу түшкөн. Анда бейтапканага Эрктүү айылынын 35 жаштагы тургуну С.А. оор абалда келип түшкөнүн айтышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 38 жаштагы Д.А. кармалып, өз кылмышын мойнуна алды. Анын айтымында, экөө кошуна жашап турушкан. Маркум менен шектүү мас абалында уруша кетип, мушташка өтүшкөн. Натыйжада С.А. көз жумган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

кылмышБулак: super.kg