венгрияВенгрияда кош бойлуу аял инсульт алгандан кийин ага дарыгерлер “мээнин өлүмү” деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер аялды жасалма дем алдырып, 13 апта бою кармап турушту жана кесарево ыкмасынын жардамы менен дени соо баланы жарык дүйнөгө алып келишти. Ымыркай 1 кг 420 грамм салмакта төрөлдү.
31 жаштагы аял өзүн жаман сезген учурда түйүлдүккө 15 апта болгон экен. Үйүндө отуруп капысынан жыгылган аялдын мээсине кан куюлуп кеткен. Аны ооруканага алып келишип, оперция жасашкан. Бирок, дарыгерлердин болгон аракеттерине карабай, аялдын мээсинин жашоосу токтогон. Ал эми эненин ичиндеги түйүлдүктө эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес жана ал тирүү болгон. Ошондуктан, дарыгерлер аялдын өпкөсүн жасалма дем алдырган аппаратка кошуп, жүрөгүн иштетип баланы сактап калууну чечишкен.
Венгриядагы Медицина жана саламаттык борборунун профессору György Balla: “Биз эненин өмүрүн сактап кала албаганыбызга көзүбүз жеткен кезде, 15 апта болгон анын түйүлдүгүн сактап калалы дедик”,- дейт.
Ошентип, баланын атасы менен кайтыш болгон аялдын жакындарына үмүт отун жандырган жаңы жашоо күрөшү башталды. Ал эми өлгөн аялдын органдарын үй-бүлөсү трансплантация кылууга макулдук беришти. Анын боорун, бөйрөгүн, уйку безин жана жүрөгүн 2 күндөн соң башка оорулууларга көчүрүп салып, башка адамдардын өмүрүн алып калууга мүмкүндүк түзүштү. Бул окуя өлүмгө учураган аялда түйүлдүктү 90 күндөн ашык чоңойткон тарыхтагы биринчи учур катары катталды.
Даярдаган Динар Турдугулова