Акаев Жанар1

Журналист Жанар  Акаевдин  Президенттин пресс-секретары кызматына  дайындалышы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Пикир жазгандардын көпчүлүгү аны колдоп жатышса, бирин-экин адамдар  бийликке өттү, эми бийликтин сөзүн сүйлөйт, жакшы журналист бузулбаса  болду дегенчелик кылып шыпшынышууда.  Бирок Жанар Акаев  өзүнүн карманган позициясынан тайбай тургандыгын   бүгүн “24 kg” агенттигине берген маегинде  билдирди.  Ал  атка минер эмес, Президент менен журналисттердин ортосунда данакер болууну көздөйт.  – Бийлик менен журналисттер  өз ара жемиштүү иштей ала тургандыгын далилдегим келет.  Алмазбек Атамбаев журналисттер эмне жазып жатканына көңүл бөлүшү жана өлкөдө эмнелер болуп жатканы жөнүндө реалдуу кабары болушу  зарыл,-дейт Жанар Акаев.  Жаңы пресс-секретарь бул кызматка келип жатып, мурдагылардын ишине кызыкпаганын,  ал   субьективизмден алыс, сынчыл ой жүгүртүүгө  негизделген өз стили  менен иштөөгө көнгөнүн  айтат. Ким болбосун кандайдыр бир заказды  аткаруума таасир эте албайт. Мен  Президентке бурмалоосуз, чындыкты айтам дедим.  Алмазбек Атамбаев  өзү да ушуну өтүндү,-дейт  Жанар Акаев.

Бегим ТУРДАЛИЕВА