руми1

Жалалиддин  Руминин  мукам,  коңур  добушу  дүйнө  жүзүнө  кеңири  тараган  сопу-молдо…  700  жыл  бою  адам  пендесинин  жүрөгүндө  жана  ойлорунда  жашаган  улуу  инсан…  Ислам  динине  бийди  жана  музыканы  киргизген  улуу  даанышман  Мусулман…  Мавлана  Жалалиддин  Руми  1207-жылы  Хорсандын  Балх  шаарында  дүйнөгө  келген.

Атасы  Султан  Мехмет  Бурханеддин  Велед  көптөгөн  аалымдардын  көч  башында  жүргөн  Хорсандагы   өтө  билимдүү  инсан  болгон.  Уулу  Жалалиддинге  кичинекейинен  эле  окуп,  жазганды  үйрөтөт.  Бир  күнү  атасы  уулу  Жалалиддинди  ээрчитип  узак  сапарга  чыгат.  Тилекке  каршы,  анын  мекенин  эмне   себептер  менен  таштап  кеткенин  эч  ким  так  билбейт.  Атасы  менен  узак  сапарда  жүргөн  Жалалиддин  көптөгөн  калааларды  артка  таштап  бир  нече  айлардан  кийин  Хижазка  (Мекке,  Мединага)  келет.  Ажылыгын  жасагандан  кийин  ата-бала  Шамга  (азыркы  Дамаск)  жөнөшөт.  Шамда  Мухитдин-и  Араб  менен  таанышып,  сухбат  курат.  Мухитдин-и  Араб  13  жаштагы  Жалалиддиндин  акыл-эсине  таң  берип,  өзүнүн  билген  билимин  ага  үйрөтүүгө  аракеттенет.

Бирок,  Жалалиддин  атасы  менен  кайрадан  Кониге  келет.  Чыгыш  шаарларындагы  көптөгөн  аалымдарды  жакшы  билген  атасын,  жолунда  кездешткендер  чоң  урмат-сый  менен  тосуп  алат.  Атасы  Бурханеддин  Велед  1231-жылы  кайтыш  болгондон  кийин,  Жалалиддин  атасынын  жолун  улайт.  Ал  барган  жеринде,  шаар,  кыштактарда  чогулган  элге  таалим-тарбия  сабактарын  айтат.  Ал  аалымдардын  арасында  да  өтө  таасирдүү,  абройлуу  адам  болгон.  Байыркы  грек  философторун  окуп  үйрөнгөн.  Сократ, Аристотелди  чыгыш  маданияты  менен  жалгаштырып,  ширелиштирип  отурган.  Ушул  себептен  бир  топ  аалымдар  аны  “Чыгыш  Ренессансынын  кайнар  булагы”  деп  сый-урмат  менен  атаган.  Кониде  Жалалиддин  атасынан  ашкан  атак,  даңкка  ээ  болот.  Анын  аты  Анадолудан,  Селжук  чек  арасынан  ашып,  окуучулары,  шакирттери  аны  “Мавлана”  деп  атаган.  Жалалиддин  Руми  37  жашка  чыкканча  ушундай  өмүр  кечирет.  Бирок,  өмүрүнүн  37и  жылындагы  бир  күнүндө  Шамга  (Дамаск)  бир  дербиш  кайдан-жайдан  пайда  болот.  Анын  ысмы  тебриздик  Шемси  эле.  Ал  дербиш  кара  түстөгү  кийим  кийип,  ак  таяк  кармап  жүрөт.  Анын  мүнөзүндө,  ички  дүйнөсүндө  кайнап,  оргуп  жаткан  бир  нерсе  бардай  сезилчү.  Ушунданбы,  айтор  аны  менен  сүйлөшүп  жаткан  адамдын  жүрөгү  кысылып,  толкундангандай  абалга  түшчү.  Ушул  тебриздик  Шемсинин  насыяттарына  каныккандан  кийин  Мавлана  негедир  мурдагыдан  алда  канча  башкача  болуп  өзгөргөн.  Күндөрдүн  бир  күнүндө  көптөн  бери  өзүнө  шерик  болгон  китептерин,  сабактарын,  шериктерин  таштап,  Шемсинин  акыл-насаатына  кирип,  аны  менен  бирге  өмүр  сүрө  баштайт.

Мавлананын  чөйрөсүндөгүлөр,  жака  белиндегилер  Шамсиге  ич-тарлык,   кызганычтык  кылышат.  Мавлананы  өздөрүнөн  бөлүп  кеткенине  ичи  тарышып,  Шемсини  тентиген  бир  дербиш,  алдамчы  катары  көрүшөт.  Ал  тургай  караңгыда  жолун  тосуп,  өлүм  менен  коркутушкан  учурлар  көп  эле  болот.

Мындай  абалга  чыдоосу  кеткен  Шемси,  кайрадан  Шамга  кайтат.  Анын  кеткени  Мавланага  өтө  оор  тийип,  чыдамы  кетип  аны  издеп  жолго  чыгат.  Көп  шаарларды  түрө  кыдырып,  аны  таап,  кайрадан  Кониге  алып  келет.  Тилекке  каршы,  алардын  бирге  болуусу  узакка  созулбайт.  Себеби,  кайрадан  эле  зулумдук,  көрө  албастык,  караңгыда  жолун  тосуп  коркуткандар  күчөйт.  Бөөдө  өлүмгө  туштукпайын  деген  Шемси  дайын – оту  жок  болуп  кетет.  Өчөшкөндөр  “жайлап”  коюштубу,  же  өзү  өтө  узак  сапарга  жөнөгөнбү,  айтор  белгисиз.  Ал  эми  жандай  көргөн  Мавлана  жараткан  берген  өмүр  жашынын  калганын  өзүнүн  сүйүктүү  китептери,  элге  чыгып  өлөң  айтуу менен  өткөрөт.

Жалалиддин  Руми  25700  беттен  турган  “Местневе”  деген  китеби  өз  доорунан  ашып,  бүгүнкү  күндө  да  окурмандарга  руханий  байлыгы  зор  чыгармалардан.  Жалалиддин  “Дивани-и  Кабир”,  “Фих-и  Мафих”  жана  “Махтубат”  аттуу  чыгармалары  адам  баласынын  руханий  чоң  азыгы  болуп  калды.  Мавлана  Жалалиддин  Руми  1273-жылы  дүйнө  менен  кош  айтышкан.

Даярдаган Бактыбек  ИМАМАДИЕВ