8_marta1

Жаратылышка жан кирип, бардык нерсе жылуулукка жана жарыкка толгон 8-март жаз майрамына карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 5-март күнү “Өмүрдүн гүлү да, күнү да, үнү да сенсиң, аялзат!” аттуу майрамдык салтанат  болмокчу. Жалал-Абад шаарындагы Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейи тарабынан уюштурулаары белгиленүүдө.

“Жаздай жаркын, кандай жаркын аялзат,

Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат,

Силер барда дүйнө сулуу, дүйнө кооз,

Демиңерден көңүл жаркып баратат”- деген ыр саптар менен Жалал-Абад шаарындагы кадырлуу аялзаттарына чакыруу барактарын таратышууда.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу