Жалал Калпак4- Жалал Калпак1 Жалал Калпак1- Жалал Калпак2- Жалал Калпак3-

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында Кыргыз Республикасынын Туусу жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана  улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышышты.

КРнын Улуттук гвардиясынын Жалал-Абад шаарындагы 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын офцерлери тарабынан узундугу 6 метр, ал эми туурасы 3 метр келген  өлкөбүздүн туусу көтөрүлгөн соң, аскердик оркестр тарабынан Кыргыз Республикасынын гимни ойнолду.

-«Азия тарыхында азыркы кездеги Орто Азия чөлкөмүн мекендеген элдердин ичинен аталышы мынчалык эрте эскерилген кыргыздардан башка бир дагы эл жок» деп улуу орус окумуштуусу жана саякатчысы В. Бартоьлд жөн жайынан айтпаса керек. «Курама топтоп журт кылдым, кулалы таптап куш кылдым» деп тээ байыртан эле Манас атабыз кыргыздардын алгачкы мамлекеттүүлүгүн калыптаганы баарыбызга жакшы белгилүү.

Кыргыз Мамлекетинин туусу жүздөгөн өлкөлөрдүн катарында бүгүн Нью-Йорктогу ООНдун имаратынын алдында желбиреп турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш сапарларында, Кыргызстандык спортчулар Эл аралык ири мелдештерде жеңишке жетишкенде Кыргызстандын Туусу салтанаттуу маанайда көтөрүлөт.

Ал эми Ак калпакка токтоло турган болсок бул кыргыздардын аспектеп аздектеген жана ыйык туткан улуттук баш кийими болуп саналат. Ала-Тоону мекен туткан биздин ата-бабаларыбыз Ак калпагын, энелерибиз ак элечегин жана Ак боз үйүн ар дайым кастарлап, душмандарына кордотпой ыйык сактап келишкен. Азыркы мезгилде кыргыздардын Ак калпагынын 80ден ашуун түрлөрү бар. Биздин улуттук Ак калпагыбыз кыргыз Ала-Тоосунун элесин, түспөлүн берет десек жаңылбаймын.

Сиздерди  дагы бир жолу бүгүнкү майрам—Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун жана кыргыз Улуттук Ак калпак күнү менен дагы бир ирет чын дилимден куттуктаймын. Сөзүмдү Кыргыз Республикасынын Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин төмөнкү ыр саптары менен жыйынтыктоону эп көрдүм.

Коюн сойгон, колтуктап ашын берген,

Коногуна тартуулап атын берген.

Бапак берген чеченди көргөн жокмун,

Чечен бапак бергенче башын берген.

 

Башы бар эл базарды желек кылбайт,

Башы бар эл балдарын жемек кылбайт,

Башы бар эл эч качан башкаларга

Башындагы калпагын белек кылбайт!

деп куттуктады, майрамдык салтанаттын катышуучуларын жана жаштарды Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары Бактыбек Анаркулов.

Майрамдык салтанатка келишкен  шаардыктар менен конокторду  Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мери Тайырбек Чойбеков, областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров жана Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасы Чыңгыз Эшенов куттукташты. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусуна жана Ак калпак күнүнө арналган майрамдык салтанат аскердик оркестр тарабынан аткарылган Кыргыз Республикасынын гимни менен жыйынтыкталды. Колдоруна өлкөнүн кырмызы туусун көтөрүшкөн жана баштарына кыргыздын улуттук баш кийими болгон Ак калпактарды кийишкен жаштар  Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү менен атайын жүрүштөрдү жасашты.

Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу