ыкыбал2- ыкыбал- ыкыбал1-

23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулардын майрамына карата      Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына башкармалыкта жана анын бөлүмдөрүндө көп жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер чакырылып, аларга сыйлуу тамактар тартылып, аксакалдардын ак баталарын алышты.

Иш-чарада башкармалыктын башчысы майор Сонун Отомбаев ардагерлерди майрамы менен куттуктап: “Сиздердин Мекен алдындагы көп жылдык адал эмгегиңиздер – биз үчүн ар дайым үлгү”,- деп баса белгилеп, карыларга чын ден соолук, узун өмүр, бактылуу каарылык каалады.

“Кары деп катардан чыгарбай эстеп, дасторкон жайып, бизди майрамыбыз менен куттуктаганыңыздар үчүн чын дилден ыраазыбыз. Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо биз да колдон келген жардамыбызды аябайбыз,”- деди эмгек ардагери, көп жылдар бою башкармалыктын башчысы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан запастагы полковник Жолдошбек Аманбеков.

Чогулган эмгек ардагерлери чер жазыша  баарлашып, жолугушууга ыраазы болуп кайтышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы