ЖалалДарыгер- ЖалалДарыгер1- ЖалалДарыгер2- ЖалалДарыгер3-

  27-февралда өкүлчүлүктүн кичи жыйындар залында Майлуу-Суу шаарында катталган күйдүргү оорусунун кесепеттерин жоюу жана кызамык оорусуна каршы күрөшүү жана  алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын кезектеги олтуруму болуп өттү деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыйынга райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, акимдер менен мэрлердин социалдык маселелерди тейлеген  орун басарлары, райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, СЭСтердин  башкы дарыгерлери катышты. Жыйындын ишин Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

Жалал-Абад облустунда күйдүргү жана кызамык оорулары жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында облустук СЭСтин башкы дарыгери Үсөн Жоробаев кеңири маалымат берди.

Быйылкы жылдын 24-январында Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылдык башкармалыгына караштуу  Б. Мга таандык кара малы сарайында турбай жатып калганда, ветеринар адистерге көрсөтпөстөн, 6 адамды чакырып, малды союшуп, терисин сыйрып, этин 41 үйгө сатып, таркатып  жиберишкен. Учурда күйдүргү оорусуна шектелип, ооруканага жаткырылган 7 адамдын ичинен 4 оорулуудан лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча күйдүргү оорусунун таякчалары табылган. Майлуу-Суу шаары боюнча 19 күйдүргү оорусунун очогу катталган. Анын ичинен берилген отчет боюнча 16 очок табылган, же 84,2 пайыз, ал эми табылбаганы 3 очок же 15,8 пайызды түзөт.  Табылган бардык очоктор бетондолгон, атайын белгилер коюлуп, айланасы тосулган.

-Азыркы мезгилде кызамык оорусунун калк арасында кеңири жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча дарыгерлер тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Район-шаарларда кызамык ооруларына каршы  иш алып баруучу атайын штабдар түзүлүп, иштер толук кандуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө облус боюнча кызамык оорусуна 278 күмөн оорулуу катталып, анын 65ине  кызамык оорусу аныкталып, көбү дарыланып чыгышты. 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга кызамык оорусуна каршы атайын вакциналык эмдөөдөн өтүшөт жана жетиштүү вакциналар менен дары-дармектерибиз бар. Мындан сырткары, учурда  КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 жаштан 20 жашка чейинки адамдарды кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүү боюнча кошумча вакциналар бөлүнүп берилгени жатат.  Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кырдаал дарыгерлер тарабынан толугу менен көзөмөлгө алынган,-дейт облустук СЭСтин башкы дарыгери Үсөн  Жоробаев.

Эпидемия жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын отуруму  Ноокен райондор аралык ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы Өмүрбек  Рахматовго абалды жетишсиз көзөмөлдөгөндүгү үчүн эскертүү берди.

Майлуу-Суу шаарындагы күйдүргү оорусунун очогунда жана союлган малга аралашкан үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык көзөмөл жана үймө-үй кыдыруулар тынымсыз жүргүзүлүүдө. Эт алган жана аны жегендердин, этти кармап, ичеги-карынын жууп тазалагандардын саны толугу менен такталды. Алар жалпысынан 213 адам болуп, мунун ичинен 14 жашка чейинки балдардын саны 75 баланы түзгөн. Бардык такталган адамдардын арасында антибиотико-профилактикасы  КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин 24.02.2010 ж. №105 буйругунун негизинде 5 күн тетрациклин жана ампициллин дарылары тынбай берилди. Мындан сырткары күйдүргү оорусунун очогунда жана эт алган үйлөрдө залалсыздандыруу иш чаралары жүргүзүлдү.

   Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу