Жалал-Абад шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана тазалыгын жакшыртуу боюнча 3 айлык жарыяланды
Жалал-Абад шаарынын аймагында 2015-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын жакшыртуу боюнча 3 айлык жарыяланды. Ошондой эле 3 айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн шаардык штабдын курамы бекитилди.
Шаардык аймактык башкарууларына, мекеме, уюмдардын жетекчилерине:
– жарыяланган 3 айлыкты өткөрүүдөгү иш-чаралардын аткарылышын камсыздоо;
– калктуу конуштардагы эл эс алуучу жайларга, сейил бактарына, аллеяларга, унаа жолдордун, көчөлөрдүн четине, административдик имараттардын айланасына дарактарды, гүлдөрдү, көчөттөрдү отургузуу, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу жана бул иштерге жалпы калкты тартуу;
– жолдорду, тротуарларды оңдоп-түзөө, жолдордун четиндеги объектилерди, турак-жайларды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жолдорго, көчөлөргө түнкүсүн жарык берүүчү лампаларды орнотуу, бак-дарактарды актоо, арыктарды,сел каналдарын тазалоо, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү;
– жер көчкүсү коркунучу бар жерлерге, жер кыртышын сактоочу жана тез өсүүчү дарак, бадалдардын көчөттөрүн отургузуу;
– өз аймактарында 3 айлыктын алкагында отургузулган көчөттөрдүн көктөшүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу жана өз убагында сугарып туруу;
– буйруктун аткарылышы жөнүндө маалыматты ар жуманын ишемби күнү саат 12:00дөн кечиктирбей Жалал-Абад шаардык мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнө берилишин камсыздоо милдеттендирилди,- деп билдирди шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу
Комментарий кошуу