маммүлк

Акыркы жылдарда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү менен гана алектенип келдик, эч нерсе  чыгарган да, ишке  киргизген  да жокпуз.  Азыр мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча концепция иштеп чыктык,- деп билдирди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев 24.kg агенттигине берген  маегинде. Анын айтымында концепция Премьер-министр менен макулдашылган жана ал азыр министрлер кабинетине  макулдашууга берилген.  Концепцияда фонддун иши  жана функционалдык  милдеттери  толук  бойдон кайра каралып, ал коомчулук үчүн ачык болуусуна багытталган.

Белгилей кетсек, учурда мамлекеттин менчигинде 63 компания бар. 2014-жылы анын 19у гана  киреше менен чыккан.

Бегим ТУРДАЛИЕВА