кыяк

27- ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Ж.Шералиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

2015-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Жумамүдүн Шералиевдин туулганына 100 жыл болот. Ал кыргыз улуттук маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. 700дөн ашуун ырларга музыка жана обон жазган. Анын ырлары калк арасына кеңири белгилүү. Эл өкүлдөрү мындай кайталангыс улуу инсандын эмгектерин эл арасына, кийинки муунга кеңири жайылтуу максатында сунушталган токтом долбоорун колдоого алышты. Токтомдо КР Өкмөтүнө Ж.Шералиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү жана тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу тапшырма каралган.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА