Аслан1

Президенттин пресс-катчысы Жанар Акаев Фейсбук социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына «Азия news» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев боюнча билдирүү таратты. Анда, «Азия news» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев ишкерге тапанчасынан ок чыгарды деп, «бейбаштык» беренеси боюнча айыпталып, Октябрь райондук соту аны эки айга камаганы айтылат. «Бир нече кыргыз тилдүү гезит, сайттардын, алдыңкы журналисттери өлкө жетекчилигине кайрылып, Аслан Сартбаев боюнча акыйкат чечим чыгарууну өтүнүп жатышат, мен да ушундай эле пикирдемин, тергөө органдарынан Сартбаев боюнча белдүү журналисттердин кайрылуусуна көңүл буруп, анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, башкы редакторду абакта кармоо чечимин жумшартышын өтүндүм. Аслан Сартбаев кыргыз тилдүү басылмалардын редакторлору, маалымат сайттардын жетекчилери, эркин журналисттердин көпчүлүгү ага кепил болуп, аны коргоп жатканын көрүп мындан ары тапанчасын орунсуз колдонуп, ок чыгарууга барбайт деп ишенем», – деп айтылат билдирүүдө.  Анткени, анын айтымында, соңку жылдары Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында эл аралык уюмдардын отчетторунда алдыга карай чоң секирик жасап келатат. «Менимче сөз эркиндигин дагы өнүктүрүү, аны коргоп калуу журналисттердин да түздөн түз милдети. Буга биз чындыкты жазуу менен гана жете алабыз, бир гана жолу ушул – чындык, чындык жана чындык», – деп белгилейт Ж.Акаев. Ошондой эле, Тергөө органдары Аслан Сартбаевге байланыштуу бул өтүнүч, кайрылуулардан кийин аны камакта кармоо чечимин жумшартат деп ойлой турганын кошумчалайт.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА