каримов ислам

28-январь күнү Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Куксарой резиденциясында тамактануу учурунда эс-учун жоготкон. Бул туурасында Өзбекстан Элдик кыймылы республиканын өкмөтүндөгү жеке булактарына таянып жарыялаган. Кошумча адистер чакырылган, бирок Каримов эсине келбегени айтылууда. 29-январь күнү резиденцияга Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Р.Иноятов, премьер-министр Ш.Мирзияев, Президенттин коопсуздугу кызматынын башчысы М.Тохирий келишип, алардын эмнени талкуулаганы белгисиз болгон.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА