Өзбекнефть1

 “Өзбекнефтегаз” компаниясы Түркмөнстан менен чек арага жакын аймакта газдын 5 кенин иштетүүгө $334 миллион каражат коротту. Алардын арасынан Самантепе, Гирсан жана Тайлак кендери эң ирилери болуп саналат. Быйыл жаңы кендерден өндүрүлүүчү 3,8 миллиард кубометр газ жана 68 миң тонна конденсат дээрлик экспортко жөнөтүлөт.

2020-жылга карата бул кендерде газ өндүрүү көлөмү жылына 6,8 миллиард кубометрге жана газоконденсаттыкы 160 миң тоннага жеткирилет. Өткөн кылымдын 90-жылдарында табылган бул кендерде газдын канча запасы бар экендиги тууралуу ачык маалымат жок.

Ал эми “Өзбекнефтегаз” улуттук компаниясынын жылына 70 миллиард газ жана 8 миллион тонна мунай өндүрүү кудурети бар.

Бирок, өткөн жылдын 30-августунда орусиялык “Однако” жумалыгында жарыяланаган маалыматтарга ишенсек, 2021-жылы Өзбекстанда өндүрүлгөн газ экспортко эмес, өз керектөөсүн араң камсыздап калат. Ошондуктан, соңку мезгилде бул өлкөдө атомдук электр станциясын куруу маселеси талкуулана баштады. АЭСти куруу боюнча келишимге 2016-жылы кол коюлса, ал Жизак жана Навои облустарынын чегиндеги Айдаркөл көлүнүн жанына курулат жана 2023-2027-жылдары алгачкы электр кубатын иштеп чыгара баштайт.

Баса, 6-февралда Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын жетинчи курултайына катышкан Президент Ислам Каримов өлкө калкынын саны эгемендик жылдары 10,5 миллион адамга көбөйгөндүгүн билдирди.

Ушул тапта Өзбекстандын калкынын саны 31,1 миллионго жетти.

Атай АЛТЫМЫШЕВ