1

3

Бүгүн энергия ресурстарын үнөмдөө бизде гана эмес, глобалдуу мааниге ээ. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө энергиянын альтернативалуу булактарын иштеп чыгып, турмушка киргизүү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары каралат. Европа өлкөлөрүндө биз колдонуп жаткан салттуу жаратылыш ресурстарын алмаштыруучу, кайрадан жаралчу энергия булактарын пайдалануу жагында жакшы жетишкендиктер бар. Күн, шамал жана башка булактардан энергия алуу ири көлөмдөгү каражаттарды талап кылат. Бирок алар мындан баш тартпастан, бул тармакты өнүктүрүүгө кызыкдар. Биз колдонуп жаткан салттуу энергия булактары болгон мунай, жаратылыш газы жана көмүрдүн запасы чектелүү. Окумуштуулардын айтымында, ушундай темп менен керектөө өссө, алдыдагы жүз жыл аралыгында аягына чыгышыбыз толук мүмкүн. Ошондуктан, кайрадан жаралчу салттуу эмес энергия булактарын пайдалануу адамзат алдындагы милдеттердин бири.

Биз колдонбогон менен альтернативдик энергия булактарынын эң эле жөнөкөй тажрыйбалары турмушта кездешет. Алардын бири катары шам-керамика жылыткычтарын айтсак болот. Жакында сүрөтчү, керамика адиси, чопо буюмдарынын чебери Жумагул Ташиев чопо-керамика цехтеринин, ишкерлердин жана чоң чыгымдарды керектебеген мындай эң эле жөнөкөй жылыткычтарды жасап жана сатууга кызыкдар адамдардын катышуусу менен тренинг өткөрдү. Тренинг “Юнисон” коомдук фонду өз өнөктөштөрү – Кыргызстандын климаттык тармагы, GIZ “Жарандык коомду колдоо фонду” жана Энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо коомдук борбору менен бирге жүргүзүп жаткан “Үшүбө, Кыргызстан” маалыматтык кампаниянын алкагында уюштурулду. Ж.Ташиевдин айтымында, бул керамикалык жылыткыч бөлмөнү жылыткандан тышкары, кооздук бере алат. Азыркы энергиянын тартыштык шартында кээде жарык же жылуулук жокто бул прибордун жардамы тиет. Ал эми тренингдин катышуучусу, жеке ишкер Руслан Өмүрзаковдун пикиринде “жылыткыч өзүнүн жөнөкөйлүгү менен кызык. Аны жасоо кандай жөнөкөй болсо, пайдалануу да ошондой эле жөнөкөй. Мисалы, ал өтүкчүнүн отурган жайын же анча чоң эмес соода күркөсүн жылыта алат. Ал үчүн электр энергиясы да, газ да керектелбейт, ашыкча чыгымы да жок”.

Бул жылыткычтын артыкчылыгы ал ортосунда күйгөн шамдан жылуулукту топтоп, бөлмөгө чыгарат. Керамика оттун жалынын тосуп, шыптын кирдешине жол бербейт. Мындан тышкары анын жардамы менен тамак жылытууга да болот. Тренингди уюштуруучулар бул жылыткычтарды жасап чыгарууну ишкерлерге сунуштоо максатын көздөшүүдө.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА