мигр1

Россия Федерациясынын федералдык миграциялык кызматынын (ФМК ) маалыматына ылайык Россияда бүгүнкү күндө   544 миң 956 (анын ичинен 220,4 миңи аялдар ) Кыргызстандын жараны жашап-иштеп жатат. Албетте, булар  расмий түрдө каттоодон өткөндөр десек болот. Бирок, эч бир каттоосу жок эле  тобокелчилик менен эптеп башын батырып, жашырынып-жамынып иштеп жүргөндөрдү кошо эсептесек бир жарым миллиондон да ашып кетээри анык.  Мына ушундай мыйзамсыз мигранттардын агылып келүүсүнүн жолун тороо максатында Россияда да миграциялык мыйзамдар улам барган сайын катуулап баратат. Алсак, “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык 2015-жылдын 1-январынан тартып россиялык виза талап кылынбаган жарандар бул өлкөнүн аймагында патенттин негизинде гана эмгектене алат. Мыйзамда чет өлкөлүк кызматкерлер: квота боюнча иштөөгө убактылуу тартылган  жана эмгек ишмердүүлүгүн патенттин негизинде жүргүзгөн чет өлкөлүктөр деген эки категорияга бөлүнгөн. Квоталар визанын негизинде  Россияга келген мигранттарга карата белгиленет. Ал эми  РФ менен визасыз кирип-чыгуу тууралуу макулдашуусу бар мамлекеттердин жарандары болсо квотага тиешелери жок болуп, патент алуулары керек. Аны россиялык чек араны кесип өтүүдө миграциялык карта толтурганда бул өлкөгө келүүсүнүн себеби катары иш табууну көрсөтүшкөн чет өлкөлүктөр сөзсүз  тариздөөлөрү талап кылынат. А патент алууга арызды РФга келген күндөн тартып 30 күндүн аралыгында берүү зарыл. Анүстүнө мыйзамда каралгандай аларда келген жеринин так болуусу, медициналык камсыздандыруусу же акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү  жаатында медициналык уюм менен келишимдин бар экендиги, орус тилин, Россиянын тарыхын жана анын мыйзамдарынын негизин билүү деңгээлин тастыктоочу документтердин берилгендиги, катуу жугуштуу оорусунун жана соттолгондугунун жоктугу тыкыр каралат. Чындыгында,  буга чейин уруксат берүүчү документтин негизинде иштеп келген мигранттар бул өлкөдөн чыкпай туруп эле 30 күн аралыгында жаңы документтерди тариздей алат. Ал эми эч уруксааты жок иштеп жаткандарга бир топ кыйыныраак болот: алар өз өлкөсүнө кайтып барып, анан кайрадан чек арадан кесип өтүп, өлкөгө келүү себебин көрсөтүп, патент алуусу же болбосо май айына чейин, б.а. Кыргызстан расмий түрдө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенге чейин эч кимге көрүнбөй-байкалбай, миграциялык кызматтын адамдарынын көзүнө илинбей быгып-бугуп, күтүп жатуулары керек. Биринчи жолду тандайын десе барып-кайра келгенге билет алууга, андан кийин жаңы уруксат берүүчү документти тариздөөгө кеминде эле  20 миң рубль табууга туура келет. Экинчи жолго түшсө май айынан кийин иштөө үчүн патент талап кылынбай, эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, ага чейин мыйзамсыз жүргөнү билинип калса, анда 10 жылга Россияга кирүү укугунан ажырап, “кара тизмеге” түшүп  калаары бышык. Демек, бул да опурталдуу болгондуктан көпчүлүк мындай тобокелчиликке бара албайт. Ошондуктан, кайра өз өлкөсүнө кайтып келгендер массалык мүнөзгө  ээ болбосо да  көбөйүп жатканы байкалууда. Ошого карабастан мындан жарым жыл мурдагы маалыматтарга салыштырып карасак, Россиядагы кыргызстандыктардын санында көп деле өзгөрүү болгон эмес. Мигранттардын саны боюнча Өзбекстан биринчи сапта турат: 2 миллион 215 миң 780 (мунун ичинен 418 миң 368и аялдар) жараны Россияда жүрүшөт. Тажикстандын  999 миң 132 (анын ичинен 182 миң 262си аялдар) атуулу да ошол жакта үй-бүлөсүн багуунун айласын көрүшүүдө. А азыркы күндө жогоруда айтылып өткөн жаңы мыйзамдык талаптар киргизилгенден бери бул эки өлкөнүн Россиядагы мигранттарынын саны 15 пайызга чейин азая түшкөн.  Андыктан, колдон келишинче ал жакта иштеп жүргөн өзүбүздүн жарандарыбыздын ошол жакта эле жүрүүлөрүнө бардык шарттарды түзүүгө аракет кылуубуз абзел. Антпесек, алардын көбү кайрадан Кыргызстанга келип алышса аларга бул жактан жумуш табуу кыйын болуп, жумушсуздардын армиясына барып кошулушуп, ансыз да кыйын ахвалда турган социалдык жагдайга терс таасирин тийгизиши да ыктымал. Ошондуктан, Кыргызстан май айында ЕАЭСке кирээри чечилип бүткөн маселе экендигин эске алуу менен россиялык тарап менен сүйлөшүүлөрдү ачык жүргүзүп, үч айга жетпеген убакытка атайын жеңилдиктерди берүүсүн өтүнсөк неге болбосун. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз катары  же ары эмес,  же бери эмес бул жагдайга түшүнүү менен мамиле жасайт болуш керек деп ойлойбуз.

  Таалайбек  ТЕМИРОВ